www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баарыбызга белгилүү болгондой 2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Ички иштер министрлиги Чүйдүн Кой-Таш айылында ызы-чуу болуп, жыйынтыгында офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркап, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев камакка алынган.

Андан соң кылмышка шектүү катары Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишиге айып коюлуп, алды камакка алынып, арты үй камагында. Негизи каармандар ичинен белгилүүлөрдөн, Мээрбек Мискенбаев, Равшан Жээнбеков, Фарид Ниязов жана башкалар болсо, депутаттардан Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова үй камагында.

Баса, үй камагы демекчи  бизге жеткен такталган маалыматтардын негизине таяна кете турган болсок, ЖК депутаты Асел Кодуранованын үстүнөн кайра экинчи жолу арыз түшкөн. Арыз Кылмыштардын жана жоруктары бирдиктүү реестрине катталган.

ЖК депутаты Кодуранова “эшек бизнесине лицзения алып беремин” деп, кытай жараны менен Жакып аттуу  жарандан 20 миң АКШ долларын алган. Акчаны жеткирип берүү кызматын Алмазбек Атамбаевдин уулунун кайын атасы Манас Рахманджанов аркалаган. Арызданган тарапты Манас Рахманджанов, акчасын бербей, буга чейин бир нече жолу коркуткан. Учурда депутат Кодуранованын үстүнөн тергөө иштери башталгандыгы айтылууда.

Белгилей кетсек, 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуя боюнча Асел Кодуранованын үстүнөн кылмыш иши козголуп, үй камагына чыгарылган. Экинчи жолу арыз түшсө үй камагына чыгарылабы же жокпу аны мыйзам, убакыт же акча көрсөтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости