www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай бийлиги COVID-19 коронавирус инфекциясынын чыкканын жашырган жана маалыматтарды атайын жок кылган. Бул тууралуу маалыматты  "The Daily Telegraph" басылмасы "Беш көз" деп аталган чалгындоо уюмунун докладына таянып жазып чыкты.

Аталган уюмга АКШ, Австралия, Канада, Улуу Британия жана Жаңы Зеландия кирет.

"Кытай өкмөтү вирус жөнүндө маалыматты жашырып, дарыгерлерге бул тууралуу эч кимге айтпоону эскертишкен. Анын чыкканы боюнча далилдерди жок кылышып, вакцина жасаган окумуштууларга анын үлгүсүн алып келип берүүдөн баш тарткан", - деп айтылат докладда.

Маалымат боюнча, ирустун адамдан адамга жуккандыгына далилдер бар экендигине карабастан, өткөн жылдын декабрь айында эле чыккан вирусту алар 2020-жылдын 20-январына чейин жашырып келишти.

Чалгындоо уюмунун маалыматына ылайык, Ухандагы вирусология институтунун профессору Ши Чжэнли Юньнань провинциясындагы үңкүрдө коронавирустун үлгүлөрүн аныктаган. Ал COVID-19га окшош болгон. "Беш көз" чалгындоо уюму, андан кийин окумуштуулар жарганаттын организминен алынган коронавирус менен синтездешкенин докладына жазышкан. Кийинчерээк коронавирустун гени Ши Чжэнли жетектеген лабораторияда иликтенген вирус менен окшош эмес экендиги аныкталган.

Эске сала кетсек, буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Кытай коронавирустун бар экенин жашырган деп айыптап, компенсация талап кыларын айткан. Буга Кытай өкмөтү да кайтарган болчу.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости