www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 795ке жетти. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, вирус жуктургандардын ичинен 426сы аял киши, 369у эркек. Бүгүнкү күндө бейтаптардын 73,5 пайызы, тагыраак айтканда, 564ү айыгып чыкты. Вирус 10 кишинин өмүрүн алып кетти. Алардын бири Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан көкүмбаева.

Аймактар боюнча COVID-19 жуктургандардын саны:

  • Бишкек шаарында — 205;
  • Ош облусунда — 169;
  • Жалал-Абад облусунда — 118;
  • Ош шаарында — 113;
  • Нарын облусунда — 97;
  • Чүй облусунда — 70;
  • Баткен облусунда — 13;
  • Ысык-Көл облусунда — 10.

Ал эми Талас облусунда бир да учур каттала элек.

Учурда республиканын ооруканаларында 221 адам дарыланып жатат. Алардын ичинен 11 адам оор абалда, төртөө реанимацияда жатат. Орточо оор абалда 42, канааттандыраарлык абалда 168 бейтап. Ошондой эле 207 медик вирус жугузуп алган, бүгүнкү күндө алардын 139у айыгып чыкты.

Коронавируска кабылгандардын жаш курагы:

  • 15-жашка чейинки балдар — 107, анын алтоо бир жашка чыга элек ымыркай;
  • 16-19 жаштагылар — 24;
  • 20-35 жаштагылар — 230;
  • 36-55 жаштагылар — 270;
  • 56 жаштан жогоркулар — 164.

Акыркы маалыматтар боюнча, COVID-19 жуктурган адамдар менен байланышта болгондордун саны 3 349ду түзөт. Обсервация жайларында 741 киши жатат. Үстүбүздөгү жылдын 5-февралынан ушул кезге чейин 55 800 анализге изилдөө жүргүзүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости