www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Той-ашты өткөрүүдөгү чектөөлөр менен салынган тыюулардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн ар бир айыл, районго атайын комиссия түзүүнү сунуштап жатабыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов билдирди.

«Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунда атайын элдик кошуундар иштеп жатканын билебиз. Алар маркумду акыркы сапарга узатууда чоң мал союлуп, себет алып келген-келбегенин көзөмөлдөп, айтып турушат.

Мындай элдик кошуунду алар өздөрү эле уюштуруп алган. Той-ашка чектөө киргизүү боюнча азыр сунушталып жаткан мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн биз да ушул сыяктуу атайын комиссия түзүүнү сунуштап жатабыз. Мындай комиссия ар бир айылда болот.

Анын курамына негизинен айыл өкмөт башчысы, ошол аймактагы сыйлуу, кадырлуу кишилер кирет. Мыйзамдын аткарылышын талап кылуу үчүн кызмат адамдарына сөзсүз милдет жүктөлөт. Антпесе бул мыйзам аткарылбай калат», — деди эл өкүлү.

Ошондой эле, Ормонов мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу 10-июнда бүтөрүн кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости