www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус териге дагы оор кесепетин тийгизиши мүмкүн. Алар тууралуу Sputnik радиосунун эфиринде дерматолог, косметолог Станислав Арканников айтып берди.

Адистин пикиринде, COVID-19 адам организминин бардык системасына таасирин тийгизүүдө. Акыркы учурда косметологдор коронавирус жуктуруп айыккан бейтаптардын терисинде бир топ көйгөйлөр пайда болгонун байкап жатат.

«COVID иммундук системаны абдан солгундатып коюуда. Ал эми алсыз иммунитетти дароо адамдын жүзүнөн көрсө болот. Анткени ички органдардарда болуп жаткан өзгөрүү, оорулар тууралуу тери маалымат берет», — деди дарыгер.

Ошондой эле адис беттин терисинин бузулушуна дайыма бет кап тагынып жүрүү себеп болууда деп ойлогондор жаңылышып жатканын айтты.

«Бейтаптардын арасында бетке безетки жана ушул сыяктуу бүдүрлөрдүн чыгып кетишине бет кап себеп болууда деп ойлогондор бар. Бул туура эмес. Бетке чыккан нерселердин бардыгы иммунитеттин түшүп кеткенинен же кайсы бир өнөкөт оорулардан кабар берет», — деди Арканников.

Адистер COVID-19дун ар кандай кесепеттери тууралуу байма-бай айтып келишет. Мисалы, россиялык окумуштуулар коронавирустун оор формасы тукумсуздукка алып келиши мүмкүн экенин айтууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости