www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 22-мартта Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылында «Кулунду жалпы дарыгерлик-практика борборунун» жаңы имаратынын курулушу башталып, пайдубалын түптөө аземи болуп өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, иш чарага Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмурбек Суваналиев катышып, оорукананын курулушуна капсула салды. Суваналиев аймак элин бул жакшы саамалык менен куттуктап, курулушту каржылоого алган «Ас-Сафа-Борбору» коомдук бирикмесине жана бирикменин аткаруучу директору Ибрагим Мальсаговго ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле Суваналиев аталган бирикменин, облустун социалдык муктаждыктарын жеңилдетүүгө кошкон салымын өзгөчө баалоого арзыганын белгиледи.
«Кулунду жалпы дарыгерлик-практика борборунун» жалпы аянты 510 чарчы метр болгон эки кабаттуу жаңы имаратында, хирургия бөлүмү, жандандыруу бөлүмү, дарыгерлер жана медайымдар бөлмөлөрү, ошондой эле бейтаптар үчүн кааналар болот.
Аталган имараттын жалпы сметалык баасы 28 000 000 сомду түзөт. Курулуш иштери аяктагандан кийин бирикме тарабынан, ооруканага керектүү медициналык шаймандар, заманбап жабдуулар да орнотулат. Курулуш 2021-жылдын октябрь айында аяктап, пайдаланууга берүү пландаштырылууда.
Булак: NazarNews.kg