www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүрсүгүнү Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү. Майрамдык иш чарага президент Сооронбай Жээнбеков баштаган жогорку бийлик башчылары катышат. Алардан тышкары экс-президенттер Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевдин чакырылышканы кабарланды. Эл арасында Атамбаевдин улуу майрамга чакырылганы талкуу жаратты. Анткени, коомдо аны мамлекеттик башкаруудагы масштабдуу коррупциядан баштап бийликти узурпациялоого чейин айыптаган пикир күч.

Саясат таануучу Даниэль Кадырбеков Атамбаевди урмат-сыйга татыксыз адам деп эсептейт.

- Деспот, узурпатор, коррупционер Атамбаевге эч качан урмат-сый көрсөтүүгө болбойт. Эгемендик күнүн майрамдоого чакыруу – бул урмат-сый. Ага окшогон адамдарды абийирин төгүп, коомдон обочолотуп салуу керек. Антпесе, биз эч качан катадан сабак албайбыз, чекти түшүнбөйбүз.

2016-жылдын 31-августунда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Ала-Тоо аянтындагы майрамдык иш-чарада экс-президент Роза Отунбаеванын дарегине катуу сын жадырган болчу. Отунбаева анын сөзүнүн аякташын күтпөй сахнадан түшүп кетип калган жана ошондон кийин Атамбаев ыңкылапчыл досторунун кескин сынына тушуккан. Ал эми өзү президенттиктен кеткенден бери Атамбаев бир дагы мамлекеттик, коомдук иш-чараларга катыша элек.

Сентябрь айынын башында боло турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына да чакырылбай калганы айтылууда. Чакырылган күндө да аталган эл аралык иш-чарага барып катышаары арсар. Анткени, президенттигинин аягында Түркия менен Казакстандын президенттери Режеп Эрдоган менен Нурсултан Назарбаевге сын айтам деп алардын назарын сууткан. Ал эми алар Көчмөндөр оюндарынын башкы коноктору болуп эсептелишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости