www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эсиңиздерде болсо, социалдык тармактарда тамада Бакыт Байсариевдин бир тойдо белгисиз мырза менен мушташып кеткен видеосу тарап кеткен. Видеодо тамаданын кызуу экенин байкоого болот. Жинди сууну “дозасынан” ашыгыраак ичип алганынын кесепетинен коноктордун бирин өбүүгө аракет кылганда ал муштап жиберет. Мындай жоопту күтпөгөн Бакыт Байсариев белгисиз мырзага жообун берип, экөө мушташа кеткенде тойдо отургандар аларды ажыратышат.
- Учурда баары эле сенсациялуу, ызы-чуулуу кабарларды, окуяларды кууп калышпадыбы. Бирок сенсациялуу кабардын өмүрү үч эле күндүк. Бүгүн: “Ай, тиги Бакыт тойдо мас болуп мушташып жүрөт дешсе”,- эртеси “Анжелика ажырашты”, “ТЭЦ жарылды”, “бирөө сууга чөгүп кетти” деген жаңылыктар чыгат да, менин тойдогу мушташканым унутулуп калат.
Чынында, ал тойдо мен тамада эмес болчумун, таякемдин тоюна конок катары баргам. Андай окуялар ар бир тойдо болушу мүмкүн, болгону мен элге белгилүү адам болгондугумдан коомчулукка тарап кетти. Мага сын айтып, жашоомду сындагандарга мен теңелбейм, алардын деңгээлине түшпөйм. Алар биринчи мен жеткен ийгиликке жетип, кадыр-барк топтоп, үй салып, машина алып, үй-бүлөсүн камсыздап алышсын. Аларды мен бош сөздөн башка колунан эч нерсе келбеген, жашыруун аккаунттар менен бекинип комментарий жазган бир байкуштар деп эсептейм. Кыскасы, интернеттеги өзүм тууралуу жагымсыз окуяларга кылым да кыйшайбайт.
Булак: "Леди кж"