www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алексей Навальный "Новичок" затынын жаңы түрү менен ууландырылган, ал акырындык менен таасир этет, бирок мурункусунан өтө коркунучтуу. Бул тууралуу шаршембидеDie Zeit немис басылмасы жашыруун булактарына шилтеме берүү менен билдирди.
Журналисттер жаңы ууну атайын кызматтын лабораториясынан гана аныктоого мүмкүн болгонун белгилеп, ууландыруу операциясын Орусиянын Федаралдык коопсуздук кызмат гана жасай алмак деген жыйынтык чыгарган.
Die Zeit басылмасы атайын кызматтын агенттеринин бири ууну Навалныйдын чайына кошуп же сееп кеткен болушу мүмкүн деп божомолдоодо. Уунун калдыктары Навалныйдын колунан жана ал ичкен суунун бөтөлкөсүнүн оозунан табылган.
Немис басылмасы кылмышкерлердин планы боюнча Навальный Томскиден Москвага сапар алган учактын ичинде өлүшү керек болчу деп божомолдоодо. Ал учакты дароо кондуруу чечимин кабыл алган жана оппозиционерге дароо атропин сайган дарыгерлердин аракетинен улам гана аман калган.
Die Zeit басылмасынынжурналисттериНавалныйды ууландырууга Кремль гана буйрук берген болушу ыктымал деген бүтүмгө келишкен.
44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен келатып, өзүн жаман сезе баштаган. Алгач Омскидеги ооруканага жаткырылган Навальный бир нече күндөн кийин Берлинге жеткирилген.
Берлин Кремлди сындап келген саясатчы анын «көзүн тазалаш үчүн» нервди шал кыла турган зат менен ууландырылганын жарыялаган. Москва болсо мындай шашылыш тыянак чыгарбай турууга чакырган.
Булак: centralasian