www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 9-Сентябр күнү, Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Москва шаарында Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен жолугушту. Бул тууралуу  аталган мекеменин  басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун башында Айдарбеков кесиптешин Тажикстандын Көз каранды эместик күнү менен куттуктап, өлкөгө бакубаттык жана өнүгүү каалады.

Маалыматка ылайык, тараптар өз ара кызматташуу, чек арадагы абал, чек арадагы кызматташтыкты бекемдөө жана түрдүү чагымчылдыктарга жол бербөө тууралуу сүйлөштү. Жолугушууда эки өлкөнүн чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөт аралык жумушчу топтордун жолугушуусу кечеңдеп жатканы, буга коронавирус себеп болгону белгиленди. Ошондой эле жумушчу топтордун жолугушуусун жакын арада уюштуруу зарыл экени айтылды.

Мындан сырткары дагы Кыргызстандын жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери аймактык кызматташтыктын маанилүү маселелери жана эл аралык уюмдардын алкагында чогуу аракеттенүү жөнүндө сүйлөштү.

Кошумчалай кетсек, Тажикстанда жыл сайын 9-сентябрь Эгемендик күнү белгиленет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости