www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Диета кармабай эле арыктаса болот. Кантип?

Окумуштуулар туура тамактануу аркылуу идеалдуу дене-түзүлүшкө ээ болуу мүмкүн экендигин айтып, арыктоонун төмөнкүдөй сырларын бөлүшүштү.

  1. Бир калыпта уктоо

Бир калыпта уктоо салмак таштоонун баштапкы булагы. Уйку жетишсиздиги денедеги шишиктерди пайда кылат. Жасалган изилдөөлөрдө кеч уктаган адамдардын көп салмак кошоору далилденген.

  1. Таттууну азайтуу

Жегенге сонун болгон таттуу, өлчөмүнө маани берилиши керек болгон азык. Канчалык көп жеген сайын организм дагы ошончолук талап кыла баштайт. Бул болсо сиз каалабаган келбетти пайда кылат. Эгер чын эле арыктайм десеңиз, алыс турушуңуз керек болгон азыктардын сап башында таттуулар турганын билиңиз.

  1. Көк чай жана сууну көп ичүү

Курамындагы катехин аркылуу метаболизманын иштөөсүн тездетип, иммундук системаны жөнгө салган көк чай, бул таасири менен арыктоого жардам берет. Ал эми суу, организмдин шишүүсүн токтотуп, денени майлардан арылтат. Күнүнө 2-2,5 литр суу ичүү керек. Эгер суу ичкенге көнгөн эмес болсоңуз, убагы менен көндүрүүгө болоорун унутпаңыз. Суу ичүүнү токтотпоңуз.

 

  1. Тамактанууга 20 мүнөт бөлүү

Тамактануунун алдында саатка карап алып, 20 мүнөт тамактаныңыз. Анткени, кабыл алуу ылдамдыгы абдан тез болгон мээбиздин токтукту кабыл алуусу болжол менен 20 мүнөт уланат. Тез жегендин ордуна ырахаттанып, майда-майда бөлүп, жай жегендик аз тамакка  тоюуга себеп болот.

  1. Тамактан мурда шорпо ичүү

Түшкү жана кечки тамактанууда алгач шорпо ичиңиз. Айрыкча көпкө ачка жүргөндөн кийин тамакты шорпо менен баштасаңыз, кошумча салмактын алдын алган болосуз.

  1. Кечкисин жеңил тамактарга өтүү

Кечкисин жашылчадан турган тамактарды жеш, диета кармабай эле арыктоого жардам берет. Майлуу тамактын ордуна суудан турган калориялуу, мезгилге ылайык жашылчаларды жеп, семирүүнү ойлонбой деле койсоңуз болот.

  1. Тар кийимдерди кийүү

Мүмкүн болушунча денеңизди кысып турган кийимдерди тандаңыз. Салмак кошконуңузду билүү үчүн маанилүү.  Мындан улам психологиялык жактан тынчсыздануу жаратып, жегендериңизге көңүл бура баштайсыз. Аябай кысып, дем ала албай турчу кийимдер эмес, албетте.

  1. Порцияңызды азайтуу

Порцияны азайтуу, арыктоо үчүн жасалган практикалык кадам болуп саналат. Бирок, муну дайым айтылып жүргөн “жегениңдин жарымын же , арыктайсың” деген сыяктуу түшүнүк менен алмаштырбоо керек. Порцияны азайтуу – табактагы пайдасыз азыктарды чыгаруу, күн ичи жеген ар кандай азыктарды кошпоо дегендик.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости