www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санитардык-эпидемиологиядык талаптарды сактоо боюнча жарандарды окутуу иштерин күчөтүү зарыл. Бул тапшырманы Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берди.

«Дүйнө элин коронавирус инфекциясы кооптондуруп турган учурда жалпы элди санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо боюнча окуудан өткөрүү мезгил талабы. Адамдарды көп камтый тургандай ыкма менен жүзөгө ашырылууга тийиш. Муну менен катар Call-борбордун адистерин дагы окуудан өткөрүү шарт. Алар кайрылган жарандарга кырдаалга жараша туура, так багыт бергендей болушу керек», - деди Премьер-министр.

Штабдын отурумунда СOVID-19 пандемиясынын кесепетинен жабыр тарткан чакан жана орто бизнеске финансылык жардам көрсөтүү маселеси талкууланды.

«Ишкердик субъекттерин каржылоо» программасы боюнча 14 млрд сом өлчөмүндө финансылык жардам көрсөтүү иштерин күчөтүү зарыл. Келечекте бардык эле насыянын түрлөрү жеңилдетилген шартта берилиши керек. Мындан тышкары банктар кредитти берүүнүн мөөнөтүн тездетүү үчүн «бирдиктүү терезе» принциби сыяктуу иш алып баруусу кажет. Жогоруда айтылган багыттар боюнча иштерди уюштуруу шарт», - деди Өкмөт башчы.    

Жыйында ошондой эле жаңы ооруканаларды куруу жана медициналык мекемелерге ыңгайлаштырып жасалып жаткан объекттерди оңдоп-түздөө иштеринин жүрүшү, аларды медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу маселелери да талкууланды.

Штабдын отурумунун соңунда тармактык мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости