www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Туура тамактануу үчүн колдонгон азыктардын көбүнүн организмге пайдасы жок. Бул тууралуу Sputnik радиосуна диетолог-нутрициолог Арина Скоромная айтып берди.
Анын пикиринде, майлары кетирилген сүт азыктары ден соолукка оң таасирин тийгизбейт.
"Адамга май керек. Ал жок кальций сиңбейт. Ошондуктан майы кетирилген сүт азыктарынын дээрлик пайдасы жок десек болот. Изилдөөлөр боюнча мындай азыктар зат алмашууну кыйындатат", — деген Арина Скоромная.
Ошондой эле эртең менен эрте жемиштерден сыгылган ширени ичпей эле коюуну сунуштаган. Себеби кандагы канттын деңгээли көтөрүлүп кетет.
Диетолог мүнөздөп тамак ичип жаткандарга арналып чыгарылган азыктарды дагы байкап алууга кеңеш берген. Маселен, фитнес-батондордун курамына жана чыгарган ишканага көңүл буруу керек. Адатта пайдалуу делген азыктардын көбүндө кант болот.
Булак: NazarNews.kg