www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте санитардык эрежени бузган бир нече кафе, ресторан жана эс алуучу жайларга айып пул салынып, протокол түзүлдү. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин маалымат кызмат маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, кечээ шаардык мэрия Санитардык-эпидемиологиялык борбордун жана инспекциянын адистеринин, райондук администрациянын мобилдик топторунун жана милиция кызматкерлеринин коштоосунда рейд кылган.
Анын алкагында "Вавилон" ресторанында санитардык нормаларды сактабай үйлөнүү той өткөрүп жатканын көрүшкөн. Той токтотулуп, Эреже бузуулар кодексинин 293-беренеси боюнча протокол түзүлгөн.
Бишкекте санитардык эрежени бузган бир нече кафе, ресторан жана эс алуучу жайларга айып пул салынып, протокол түзүлдү.
"Санжыра" ресторанынын администрациясы эрежелерди бузууга "кылдат" мамиле жасаганы айтылат. Үй-бүлөлүк майрам жабык эшик артында өтүп, терезелерин кара чүпүрөк менен караңгылатып алышкан. Тойду токтотууга укук коргоо органдары келишкен. Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тойкананын ээсине кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле "Гузель Гранд" ресторанында кыз узатуу токтотулуп санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору протокол түзгөн. Ал эми "Тумар" ресторанында үйлөнүү тойдогу коноктор таркатылып, администрациясына айып пул салынган.
Буга кошо кечинде бир катар санитардык эрежелерди бузган эс алуучу жайлар аныкталган. "Ретро-Метро" түнкү клубунун, "Сенатор", "Алмалуу", "Столица" клубунун, "Плаза Восток" бильярд клубунун жана Good Game компьютердик залынын администрацияларына карата Эреже бузуулар кодексинин 293-беренесинин негизинде протоколдор түзүлгөн.
Белгилей кетсек, эреже бузгандарга экинчи категориядагы айып пул каралган. Ал жарандарга үч миң, юридикалык жактарга 13 миң сом деп эсептелинет.
Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы санитардык нормалардын бузулгандыгы тууралуу кабарлоо үчүн төрт райондун акимдеринин биринчи орун басарларынын номерлерин берди.
Мэрия шаардыктарды мааракелерге, куран окутууга, той жана башка үй-бүлөлүк салтанаттарга барбай турууга чакырат. Өлкөдө, анын ичинде борбор калаада коронавирус менен ооругандардын көбөйүп жатканы эскертилди.
Булак:NazarNews.kg