www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын 1-январынан бери бардыгы болуп 5 миң 704 адам үй карантинине алынган. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта өткөн брифингде №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова билдирди.

«Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборунун медицина кызматкерлери үй карантининдеги адамдардын ден-соолугунун абалын байкоо жүргүзүшүүдө. 2021-жылдын 1-январынан бери бардыгы болуп 5 миң 704 адам үй карантинине алынган. Алардын ичинен карантиндин мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу 3 миң 906 адам байкоодон чыгарылган.

Ушул жылдын 19-апрелине карата байкоодо 2 миң 880 адам турат. Алардын ичинен 1 миң 82 адамдан ПЦР-анализи оң жыйынтык менен аныкталган. Үй шартындагы карантин мөөнөтүн өткөрүп жаткан адамдарды көзөмөлгө алуу максатында мобилдик бригадалар түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 19 мобилдик бригада иштеп жатат. 2021-жылдын 1-январынан тартып мобилдик бригадалар 14 миң 386 жолу чыгып, 13 миң 809 адамдан ПЦР-анализин алышкан. Ал эми 18-апрель күнү 281 ПЦР-анализи алынган», - деди Искакова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости