www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Киста, миоманы дарылоодо уу коргошун колдоном”, - деди NazarNews маалымат агенттигине элдик даарыгер Дүйшөн Чомоев.
--“Суук тийген адамдардын чөптөрдүн кайнатмасынын жардамы менен буулап, суугун алам. Ошондой эле уйку бездерине суук тийгенде жана шишип калган жумурткаларды чөптөрдүн ачытма түрү менен дарылайм. Уруктуулуктун потенциалы төмөндөп кеткендерге сиропторду берип, адамдын организмин тазалап, уруктуулукту калыбына келтирет. Киста, миомага уу коргошун колдоном. Вирустарды, шишиктерди өлтүрүү үчүн уу коргошун колдоном. Аны менен организмдеги вирустарды өлтүрүп, жара, шишиктердин тамырын кууратып, операциясыз жок кылса болот. Уу коргошунду колдонуу жолдору менен киста, миомалардын тамырлап кеткенин тутумдаштырам. Аны менен тамырлап кеткен шишиктерди бир жерге чогултуп берем. Чогулган шишик жарылат же каткан боюнча бир канча жылга чейин катып тура берет. Эгер биротоло жок кылдырам десе операция жолу менен тамыры күйүп калгандан кийин алдырып салуу анча коркунуч туудурбайт”, - дейт Чомоев.
Булак: NazarNews.kg