www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Манас айтсак кулак бүтөт ташка дагы, Манасчылар өнөргө бай башка дагы»-деп башталган Манас күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарага бийликтин кулагын түрүп турганы мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов менен маданият министри Азамат Жамангулов да тышта калган жок.Заман таарыган сайын бөлүнүүлөр башталды. Кыргыз элинин көпчүлүгү Тагай бийден баштап  ислам динин тутуп келишкен. Азыр ашынган динчилдер динге жик салып салттуу динди жокко чыгарып, аларга теңирчилер деген ысым койо башташты. Ушундай шартта динде да эки ажырымга бөлүнүү башталды. Салттуу исламга каршы адамдар Манастын баалуулугун эске алышпайт.

  Кытай мамлекети баалуу мурас катары өткөзүп алган «Манас» эпосунун үчилтигин Парижден баалуулуктар мурасына өткөзүү үчүн, ал жердеги негрлерге чучук жедирип, көптөгөн акча каражаттарын сарптап «Манас» үчилтигин кыргызга алып келген. 2013-жылы 4-декабрда өз каражаты менен канчалаган манасчыларды, журналисттерди Баку шаарына алып барып келди. Ушул тарыхий окуяга катышуу мүмкүнчүлүгү болгонун жашырбай кетейин, мен бир тууганым белгилүү акын Шербет Келдибекованы акыркы сапарга узатып Баку шаарына барбай калгам. Карганбек Самаковдун демилгеси менен «Манас» үчилтиги Кыргызстанга кайтып келди, 4-декабрь бүткүл дүйнөлүк «Манас» эпосу күнү катары дүйнөгө таанылды. Ал кездеги Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев зор кубаныч менен Карганбек Самаков башында турган делегацияны кабыл алып, бул күн бүткүл элдик майрамга айланган. Көпчүлүктүн оюу ушул эмгеги үчүн «Кыргыз эл Баатыры» наамын бербесе да, жок дегенде «Манас» ордени менен бийлик тарабынан сыйланышын күтүп калган. Көрсө, бийликтеги кээ бир «котур ташын койнуна каткандар» ичи тарып, Самаковго билгизбей ор казып жаткан экен.

 «Манас» эпосу 2009 –жылы Кытайдагы кыргыздардын атынан ЮНЕСКОго катталып кетти. Муну уккан мекенчил жигиттердин арасында ыза отуна тумчуккан Карганбек Самаков 2010-жылдан баштап дээрлик үч жыл башын канжыгага байлап коюп, Манас атаны кыргызга кайрып келиш үчүн үй-жайын таштап, Париж менен Бишкектин ортосунда чапкылап калды. Алтайдан Ала-Тоого эр Манастын келиши бир тең болсо, Парижден Бишкекке «Манас» эпосунун келиши бир тең болуп, Карганбек Самаковдун канча нервдери короп, акыры тилегине жетти. 4-декабрь эл аралык «Манас» эпосунун күнү, бул күнү Бакуда ЮНЕСКОнун жыйыны өтүп Карганбек Самаковдун демилгеси менен «Манас» үчилтиги баалуулуктар мурасына кошулган.

Арсылдап үрүп, арсыз обонун созгондор, «Манас» эпосуна асылгандар түбү оңбой калчу эле. 90 жыл мурун «Манас» эпосунан кынтык таап, аны колдогон Тыныстанов сыяктуу көп кыргыз патриотторду, 70 жыл мурун Байжиев, Бектенов, Саманчиндерди каматып, акыры алар туура бааларын алган, Карганбек Самаков да 157 мамлекеттин макулдугун алып, «Манас» эпосун дүйнөлүк деңгээлге көтөрүп, ЮНЕСКОдо 198 мамлекеттин колдоосун жеңип келген. Бул ишке жеке эсебинен миллиондорду жоготкон Карганбек Самаков «Манас» эпосун кыргызга алып келгени үчүн рахат отуна бөлөнүп турганда, кыргыз эли кошо сүйүнүп, кош колдоп колдоп турса да, ич күйдүүлүгү ай- асманды сермеп турган, адам келбетин кийишкен желдеттер аяшкан жок. Арийне, эр Манастын арбагы өзү батасын берди болуш керек!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости