www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дин менен бийлеген саясатчылар

Кемин шаарынын мэриясы бюджеттен 119 миң сом бөлүп мечитке килем салып бергени жатыптыр. Муну уккан мусулмандар кудуңдап, Мэрге жана Шаардык Кеңешке ак батасын бергенге, аларга бейиштин төрүнөн орун берсин деп Кудайга жалбарганга даяр экен деп уктук. Бирок эң өкүнүчтүүсү мусулмандар туугандар,  бул жолу да алданып, колдонулуп жатканыңарды сезбей жатасыңар. Кандайчабы? Анда биздин суроолорубузга көңүл бөлүңүз.

  • Бюджеттен мечитке бөлүндү делген акча ошол чиновниктердики эмей эле кайра эле элдики экени жалганбы?
  • Жеке жаран/мусулман катары Мэр же болбосо Шаардык Кеңештин депутаттары өз чөнтөгүнөн ушул акчаны берип койсо жарашабы?
  • Мэрияда же болбосо Шаардык Кеңеште чөнтөгүнөн 119 миң сом, же болбосо болжол менен 2000 доллар чыкпаган киши барбы?
  • Алардын тээп жөргөн машинеси эле 119 миң сом эмес 119 миң доллар тураары калппы?
  • Ушул саясатчылар шайлоодо алдыңарга чыгып уялбай туруп мечитиңерге килем бергенбиз, эми эмне кылышты өзүңөр билесиңер деп кыйытпайбы?

Ошондуктан, урматтуу мусулман бурадарлар, дагеле алданып калып жатасыңар!

2014-жылы Жогорку Кеңеште намазкана салынганы баарыбызга маалым. Ал намазкананы Кыргызстандагы эң бай адамдардын өзөгүн түзгөн, карапайым элдин түшүнө да кирбеген тамдарды салган, сырттан келген кредиттердин тыптыйпылын чыгарган депутаттар салды деп ойлоп атасызбы? Жок, намазкананы депутаттар салган жок. Канчалык ооздорунан кудайды түшүрбөсө да, эл көзүнө намаз окуш үчүн бири-бири менен жарышса да, шариатта төрт катын алса болот деп катын алууда өз ара атаандашса да намазкананы алар салган жок. Жогорку Кеңештеги намазкана өлкөдөгү диний абалды тескей турган деңгээлге жеткен Саид Баюминин Дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын акчасына курулган. Андыктан депутаттар шайлоо алдында мечиттерге барып фотосессия кылаардан мурун динге ушундай «чоң кызматтарды» кылып жатышат.

Араптар салса эмне болуптур дешиңиз мүмкүн. «Алмайдын бермейи бар» дегендей араптар бергенден кийин ордуна кыргыз элинин рухун сатып алууда. Ал рух Ханафий мазхабы менен Матуридий акыйдасы болчу. Саид Баюмиге окшогон адамдар дал ушул саясатчы жана чиновниктерди колдонуп Кыргызстанда вахабизмди жана саясатташкан исламды жайууда. Мына ушул себептен саясатчылардын дин менен болгон вальсы сиздин жүрөгүңүздү элжиретип жибербесин. Абайлаңыз!

Айрым депутаттар араптардын акчасына мечит салып атасынын атын койдуруп алышканын да акыйкат. «Атың чыкпаса мечит сал» деген заман азыркы заман. Эл менен эмес, саясатчы жана чиновниктер менен иштешкенди жакшы көргөн араптар болсо, кыргыздын «мусулман элитасынын» «тилин» таап алды. Алдыда араптар депутаттардын мечиттерин эмес, мээлеген саясий максатын да каржылай баштамакчы.

Салдырса салдырсын, курдурса курдурсун дешиңиз мүмкүн. Бирок унутпаңыз, Ислам дини кылган жакшылыгыңызды жар салууңузга жакшы карабайт. “Оң колуң берген нерсени сол колуң көрбөсүн” деген Улуу Пайгамбарыбыздын хадисин эстеңиз.

Эмне себептен ислам дини жакшылыкты жашыруун кылууну буйурат? Себеби, биринчиден Ислам дини жардам алган тараптын намысын ойлойт. Жардам алганын эл көрүп байкуштун бети кызарбасын дейт. Экинчиден, көрөсөтүлгөн колдоо/жардам жарыяланып, жогорудагыдай саясатташып кетпесин дейт. Ошондуктан “эл көрсүн” деп жардам берүү элибизде да акаарат катары каралат.

Кеминдеги мечитке 2000 долларлык килемди түн ичинде элге билгизбей салып кеткенге кудурети жеткен кеминдик азаматтарга кайрылабыз. Элдин акчасынан/бюджеттен акча бөлүп эле тим болбостон, аны биз жасадык деп жар салган саясатчылардын динди саясатташтыруусуна жол бербегиле. «Элдин 90 пайызы мусулман деп мактанган менен мусулман эместердин да салыгы кошулган бюджеттен мечитке акча бөлдүңөр» деген сөзгө калбагыла. Андан көрө ошол бюджеттеги 119 миң сом, балдардын 90 пайызы мусулман болгон жетимдер үйүнө берилсин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости