www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израиль премьер-министри Биньямин Нетаньяху Тегеранда Ирандын “өзөктүк кампасы” бар экенин айтты. Бул тууралуу ал Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында сөз сүйлөп жатып билдирди.

Нетаньяхунун билдиришинче, жашыруун кампада тонналаган өзөктүк материалдар жана жабдуулар бар. Израиль премьер-министри эл аралык байкоочуларды инспекция жүргүзүүгө чакырды. Ал Европа өлкөлөрү АКШнын Иранга каршы санкцияларын колдошу керектигин белгиледи.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп ноябрдан кийин Вашингтон Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизе турганын билдирген. Кошмо Штаттар жана Израиль мурдагы “өзөктүк келишимди” Тегеран атом бомбасын түзүү үчүн ресурстарды чогултууга жумшаган деп эсептейт. Майда Вашингтон келишимден чыгып, Иранга карата жаңы чектөөлөр киргизилерин жарыялаган. Ал союздаштарынан Ирандан мунай сатып албоону эскерткен.

26-сентябрда Башкы Ассамблеяда сөз сүйлөп жатып, Трамп Иранга каршы америкалык санкцияларды бузууну чечкен өлкөлөрдү “катаал кесепеттер” күтүп турарын эскерткен. Буга чейин Европа биримдиги Иран менен эсептешүү үчүн атайын каржы институтун түзүүгө аракет жасап жатканы кабарланган. Улуу Британия, Франция, Германия, Орусия жана Кытай өлкөлөрү Тегеран “өзөктүк келишим” шарттарын аткарып жатканын тастыктаган.

Булак: "centralasian"

Последние новости