www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Саламатсыздарбы Леди.kg  гезитинин жааматы. Өткөн санда сиздердин гезитиңиздерде жарык көргөн «Багып алган уулумду үч жылдан кийин өз энеси талашып жатат» деген макалаңарды окуп, өз тагдырыма салыштырдым. Азыркы учурда менин башыма түшкөн окуя да дал ушундай. Азыр Элнурадай болуп мен да айламды таппай турам. Окуя мындайча орун алган.

Мындан 8-9 жыл мурун атамдын бир тууган инисинин кызы студент болуп менин колума шаарга келген эле. Сиңдим деп аябай жакшы көрүп карадым, менин кыздарымды сабактан кийин карашкандыктан байкемдерге жардам болсун деп окуусунун контрагын төлөп, кийим-кечесин өзүм сатып берчүмүн. Сымбат аябай тартиптүү кыздай көрүнгөн. Бирок жаштык кезде жаңылыштыктар көп болот эмеспи. Анын үстүнө көңүлү оорубасын деп катуу кармап, көп нерселерге тыюу сала алган жокмун. Кээде студенттик кездин доорун сүрсүн деп дискотекага, достору менен 2-3 күнгө эс алганга жиберип эркине коюп койчумун. Сүйлөшкөн жигити тууралуу да мага такай айтып турчу. Кийинчерээк жигитин алып келип тааныштырды. Ошондон кийин кыздарыма таттууларын көтөрүп үйгө келип турчу. Тарбиялуу, жакшы бала көрүнгөндүктөн сиңдим экөөбүз тең ага ишенер элек. Сымбат окууну бүтсөм эле ага турмушка чыгам деп ишенимдүү эле жүрчү. Мен бул тууралуу ага-жеңеме айтып, алар деле макул болушкан.

Бир күнү Сымбат окуудан маанайы жок, көздөрү шишип келип өзүнүн бөлмөсүнө кирген бойдон көпкө чыккан жок. Көрсө, жигити окуусунан айдалып кетип, Орусияга кеткени жатыптыр. “Эчтеке болбойт, эмки жылы келсе ошондо деле үйлөнөсүңөр” деп жубаттым. Бирок маселенин баары мында эмес экен. Сымбат жигитинен 4 жумалык боюнда бар экенин айтып менин оозумду ачырды. Жоош, кой оозунан чөп албаган сиңдимден мындайды күткөн эмес элем. Мен үчүн ал дайыма тарбиялуу, акылдуу кыздын үлгүсү эле. Угуп алып эмне кылаарымды билбей калдым. Анан урушуп бир сыйра ыйладым. Бул окуяны жолдошума айтсам, ал да таң калып бүтпөй “кызды алпарып аборт жасаткыла, туугандарына биз эле уят болобуз” деди. Ошентип бир жума эмне кыларыбызды билбей ызы-чуу түшүп калганыбызда Сымбат апасына чалып учурдагы абалы тууралуу ачык айтканга жетишиптир. Бир сыйра жеңемден тил угуп отуруп калдым. “Сага ишенип жиберсек, көз салбаптырсың”-деген сөздөрдү угуп жаман болдум. Женемдин көңүлү чыдабай эртеси эле шаарга жетип келиптир. Чогуу отуруп кеңешип Сымбат боюнан алдырбай турган болду. Кийин төрөбөй калышы мүмкүн деп апасы ушул чечимге келди. Жолдошум экөөбүздүн эки кызыбыз бар эле, эркек бала каалап, 8 жылдан бери тилегибиз орундалбай келаткан.

Аны билген женем: “Баланы силер эле багып алгыла, балким артынан эркек бала ээрчитип келет”,-деп эле кыстап, кетип жатып:“Сымбаттын кош бойлуу экенин эч кимге ооз ачпагыла, атасы билсе мени тирүү  койбойт»- деп кайра-кайра дайындап кетти. Сымбат ичи чоңойгон сайын окуусуна да барбай үйдөн чыкпай жатты. Ай-күнүнө жеткенде айткандай эле уул төрөдү. Төрөтканадан чыгып жатканда  бир жолун таап өзүбүздүн атыбызга которуп алабыз деп баланы Сымбаттын өзүнүн фамилиясына эле жаздырып койдук. Уулубузду эне сүтүнөн ажыратпайлы деп 6 айга чейин эмизип берүүсүн сурандык. Анан эмчектен чыгарып, апасынын чакыруусу менен Сымбат айылга кетти. Көп өтпөй эле аны жеңемдер турмушка беришиптир. Ошону менен менин да коңүлүм тынчыгандай болуп калды. Болбосо күндө “баламдын сүрөтүн жибериңизчи, тамак бердиңизби, ыйлабай эле атабы?”- деп сурап менин жүрөгүмдү оорута берчү.

Ошентип ал турмушка чыккандан кийин кадимкидей жеңилдеп калдым. Уулубузга болгон дүйнөбүз менен берилдик. Атасы жумуштан ал үчүн эле шашып келет. Эжелери да үйрүлүп түшүп жакшы көрүшөт. Ушундай бактылуу күндөр менен арадан бат эле 5 жыл өтүп кетти. Биздин бактылуу күндөрүбүздү жакында Сымбаттын бир коңгуроосу бузду. Көрсө, жолдошу тукумсуз экен, ошондон бери экөө балалуу боло алышпаптыр. Сымбат ага менде баласы барын айтканда “баланы ал, өз атыма каттатып ага ата болом, өз баламдай көрүп багам”- дептир. “Эже, баламды кайра бериңиз, баламды колума алсам үй-бүлөм сакталып калганы турат, болбосо күйөөм менен ажырашууга туура келет. А мен аны менен ажырашкым келбейт”,-деп боздойт. Мен ага уулумду бере албасымды айтып урушуп трубканы коюп салгам.

Эми менде ошондон бери уйку жок. Бардар турмушта, каалаганын кийип, каалаганын ичип чоңойгон эрке уулумдун айылдагы карапайым жашоого түшүп калганын элестетсем жүрөгүм ооруйт. Аны колумдан жулдуруп жиберген күнү мен өлүп калышым мүмкүн. Эми кандай кылсам? Кандай болот?

Булак: "Леди.kg"

Последние новости