www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир канча айдан бери Башкы прокурор, УКМК жана Антикоррупциялык кызмат жетекчилигине нааразы болгондор арбыды. Президент койгон коррупция менен күрөшүү тапшырмасын так жана толук кандуу аткара алышкан жок.
Парламентке барып ал жерде өздөрү суракка түшкөндөй байкуш боло калышкандарычы. Алты айдан бери Манас Арабаевди колго түшүрө албай, президентти катуу уят кылышты. Мамлекет башчы “мен сотторго кийлигишпейм, Манас Арабаевдин заманы бүттү” дегени менен, ал камакка азыркы күнгө чейин алына элек.
Кулматовдун уурулук кылганын далилдей албай, аны жыйырма жыл мурун мыйзамсыз паспорт алган деп соттоп атканы жүз миңдеген эки паспорту бар кыргызга жаккан жок. Күн өткөн сайын, абакка түшкөндөргө элибиз жан тартып, боору ооруп баштарында күмөн жок.
Мына, Сапар Исаковдун аялы “жалгыз квартирабызды саттык” деп, байкуш кембагал болуп калганын көрсөтүүдө. Ал квартира элиталык үйдө, Өмүрбек Текебаевдин квартирасынан эки эсе чоң болгонун, анан аны Исаков соттолору менен мамлекет конфискация кыла турганын айтышпайт.
Булак: "Жаңы Ордо"