www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кумтөр” кенине пресс-турдун жүрүшүндө Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы ДинараДинара Кутманова Centerra Gold Inc. экологиялык мыйзамды бузбагандыгы тууралуу жалган маалымат берип жаткандыгын белгилеп, мыйзам бузууларды тастыктоочу документти көрсөттү.

“Бул биринчи жолу 2012-жылы парламенттик комиссия тарабынан түзүлгөн. Бирок, ал учурда ишенимсиздик бар болчу, анткени компания 16 жылдан бери иштеп келе жаткан. Андан кийин мамлекеттик комиссия түзүлүп, мыйзам бузуу боюнча бардык фактылар далилденген. Мамлекеттик комиссиянын корутундусунда суу, калдыктар, айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдар бузулганы жазылган. Мамлекеттик комиссиянын 2021-жылдагы отчетунда мыйзам бузуулар үчүн санкциялар 5 млрд АКШ доллардан аша турганы жана күнөөлүүлөрдүн барын жоопко тартуу керектиги жазылат”,-деди ал.

Эскерте кетсек, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар министрлер кабинетине “Centerra Gold Inc.” компаниясынын кен байлыкты пайдалануу жаатындагы жоопкерчиликсиз аракеттерине байланыштуу “Кумтор Голд Компани” компаниясына убактылуу тыштан башкарууну жана убактылуу тыштан башкаруучуну дайындоону сунушташкан.

Кийин министерлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов “Убактылуу тыштан башкаруучуну дайындоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомго кол койгон, “Кумтор Голд Компани” компаниясынын убактылуу тыштан башкаруучусу болуп Тенгиз Бөлтурүк дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости