www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кумтөрдөгү" мөңгүдөн түшкөн Петров көлүнүн суусун насос менен тарттырып алып кеткен. Ал суу фабрикада алтын чайкоого жана чарбалык иштерге колдонулат. Башкы эколог Динара Кутманова Centerra суу үчүн Кыргызстанга бир тыйын да төлөбөгөнүн, мындай практика дүйнөнүн бир да өлкөсүндө жок экенин айтат.

Кумтөр алтындын запасы боюнча дүйнөдөгү ири алтын кендердин бири. Бул кенди канадалык компания 1995-жылы казып баштаган. Ушул кезге чейин Centerra Gold Inc. жалпысынан 11,5 млрд. доллар пайда көргөн, ал эми Кыргызстан болгону 1,5 млрд. доллар алган.

Май айынын башында Кыргызстандын соту канадалык компанияга экологияга тийгизген залакасы үчүн 261,7 миллион сомдук айып салды. Ал арада компаниянын жетекчилери өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болду.

Аны менен катар Кумтөрдө мөңгүнүн жылып турганына көз салган система өчүрүлгөн. Геотехниктер радар жайгашкан жерге барып төрт күн бою кол менен көзөмөлдөп турушкан. Учурда мунун баары калыбына келтирилди. Улук механик Саламат Тогузбаев базага түшкөн маалыматтар өчүрүлбөгөнүн, компьютердик башкаруу системасынын иши гана үзгүлтүккө учурап калганын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости