www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Ленин райондук соту №95 мектеп-гимназияда сабак өтүп жаткан мугалимди класстан күч менен чыгарып, директордун кабинетине алып кирген аялга карата чечим чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.Ленин райондук соту 14-февралда А.Ш.ны Жоруктар жөнүндө кодекстин 119-беренеси (майда бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп таап, 30 миң сом айып салды.

“Ушул боюнча жазам деп такыр убакыт таба албай жүрдүм эле...
Видеодогу мугалимди сүйрөгөн окуучунун апасы биздин чыгармачыл чөйрөдө жүргөн Шахзада аттуу кыз. Анын ырларын Гулзада Рыскулова, Назми Байзакова ж.б. көрүнүктүү ырчылар ырдап жүрүшөт. Бул тууралуу маалыматты КР Акыкатчысынын басма сөз кызматынын жетекчиси жазып чыкты.

“Чыгармачыл адамдар баардык нерсени жүрөгүнө жакын алат эмеспи. Анын үстүнө мүнөзү жумшак, үнүн бийик чыгарып сүйлөбөгөнүн жакындары жакшы билсе керек. Ошентсе да мен деле аз убакыттын (таанышканыма аз эле болду) ичинде анын мүнөзү кандай экенин аңдадым (мактангандай болбойлу, журналисттер психолог деле болуп каласың, ким жасалма, ким натура). Эгерде менин уулумду дагы мектептен кийинки бара турган музыкалык мектепке ( ушул жерден кыздары дагы чыгармачылык менен алектенишерин кыстара кетейин) кечигип атам десе, мугалими класста чечкен эшикке кийчү бут кийимин (окуучулар мектептин ичине өзүнчө бут кийим кийишет экен) бербей койсо, уулум чалып ыйласа, мен да мектепке бармакмын. Шахзададай болуп алгач жакшынакай суранмакмын, бирок жаш мугалим мага да сен мага тоскоол болуп атасың!- деп кыйкырса, тоготпосо, мен да кабинетине кирип, так ошо Шахзададай кадамга бармактырмын (себеби, тил табыша албадык да, башка чара жок, чараны директор көрсүн үчүн ага барууга туура келет)... Кызы классты 3 жолу ачып, ботинкемди алам деп сабак өтүп аткан мугалимге тоскоол болуптур-деп күнөөнү алгач балага оодарып, айгай салгандар: бала бара турган жерине кечигип чый-пыйы чыгап атса 3 эмес, 300 жолу ачып жабат эшикти! Бала деген бала да же эмне силердин бала зымга тизгендей түптүзбү?! Аялды соттоптур. Браво! Эми жазасын аларын алды, сот мойнуна илген 30 000 миң сомун төлөйт. Бирок, жазасын алган күндөн кийин да ашатып, табалап, заарыңарды чачып атасыңар! А эне менен кыздын соттон-сотко сүйрөлгөнүн, ошол күндөн баштап же окуган окуучу эмес, же окубаган окуучу эмес, мектепке барса мектеп жектеп, үйүнө келсе апасынын маанайы жогун көргөн ошол кыздын абалын эмнеге ойлогон жоксуңар (а соттогондон кийинки эне-кыздын абалын айткым да келген жок)! Канакей жар салып жарыяланган Балдар жылы?! Тиги мугалим кыздын күйөөсү милиция болуп иштейт экен. Ушундан эле аны ким тукуруп (ошентип иштеп көнүшкөн деп айтпаска арга жок) жатканы түшүнүктүү эле болду. Бир чымчым көгөргөн жери жок 30 000 миңди өндүрүштү, бирок күйөөсүнүн айтымында Шахзада аларга 300 000 сом бермек… Жактоочусунун айткан сөздөрү дагы телефондо жазылуу...Шахзада райондук соттун чечимине макул болбой, шаардык сотко кайрылса да жарашмак. Бирок ал кызынын жан-дүйнөсүнүн тынчтыгын тандады! А акча эмне, колдун кири. Акча табылат, бала табылбайт!”,  - деп өзүнүнө социалдык тармагына жазып чыкты”, деп жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости