www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин,  “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты Нурбек Тотонов NazarNews.kg агенттигине Ат-Башыдагы логистикалык борбору тууралуу пикирин билдирди.

--Саламатсызбы Нурбек мырза, 17-февралда Ат-Башыда “Логистикалык борбордун курулушуна каршы” митингге саясий көз карашыңыз кандай?

--Азыркы учурда Нарында болуп жаткан логистикалык борбордун ачылышына каршы чыккан элге алдын-ала жеткиликтүү деңгээлде түшүндүрүү иштери болгон эмес, андыктан мына ушундай курч кырдаал жаралып жатат. Ал эми логистикалык борбор албетте керек, мүмкүн болсо Нарынга эмес туристтик аймак катары көл тарапка, Балыкчыга ачуу керек эле.

--2020-жылкы шайлоодо кайсыл партия же кайсыл саясатчыларга ийгилик жаралышы мүмкүн?

--Коомчулуктун ичинде ар бир саясий партиянын, саясый бирикмелердин өздөрүнүн орду бар эмеспи, андыктан шайлоо учурунда партиялардын ичиндеги талапкерлердин сандык эмес, сапаттык курамы эске алынат ишенем.

Карапайым калк өзү билет, кимдер иш кылып жаткандыгын, кимдер ошол калк тарабынан берилген ишеничтерди, талаптарды аткара албай жаткандыктарын.

--2020-жылы боло турган шайлоого даярдыктар кандай?

--Баарын убакыт көрсөтөт эмеспи, андыктан биз да алды-артыбызды карап, азыноолак убакыттын аткара алган, аткарып жаткан, же аткара албай калган иштерибизди анализдеп, калктын да биздин дарекке болгон пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен бир чечимге келебиз го демекчимин.

-Шайлоого кайсы партия менен барасыз? 

--Шайлоого кайсы партия менен бараарым, же барбасым азырынча сыр бойдон эле калсын, башкача айтканда убакыт көрсөтөт. Кыргызда “чабал өрдөк мурда учат”-деп коет эмеспи, айрымдар ачык эле саясый багыттарын, өңүттөрүн белгилей башташты, а мен убакыт көрсөтөт гана демекчимин, баары Жараткан Аллахтын насибинен.

--Рахмат!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости