www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттыкка талапкерди кандай отургузуу керек?

Депутаттардын акыркы жылы, келерки шайлоонун болор алды көп саясий оюндарга толгон жыл болуп эсептелинет. Парламенттик шайлоого аттанышкан депутаттыкка талапкерлер болгон күч дараметин,акча каражатын депутат болуу үчүн чамынышат. Ошондуктан, депутаттын шайланышы –ар бир депутаттык үй-бүлөдө өзүнчө чоң майрам. Бирок, бул кубаныч кайгыга дуушар болбош үчүн, ар бир депутат парламенттик «памятканы» мыкты билип, эл менен кандай мамиле кылууну терең өздөштүрүү керек, себеби азыркы учурда депутаттыктан кол жууп калышы да оңой.

  Депутаттыкка шайланаар замат көптөгөн камкордуктар келип чыгат. Албетте, бул учурда бийликтин, партия лидерлеринин тажырыйбасына ишенсе болот,бирок депутат ишти баштаар алдында, кандай саясий көз карашын калыптандырууну өзү күн мурунтан билип алганы дурус эмеспи.

Жаңы депутатты кандай отургузуу керек?

Депутаттын колдору бош болууга тийиш.Бул бөтөнчө добуш берүүдө керек. Көпчүлүк депутатка талапкердин колун таңып, же колуна жип байлап «кукловод» сыяктуу каалаган нерселерин аткартып коюшат.

 Ошондуктан, депутатка талапкердин колдорун, буттарын таңып байлоого болбойт. Мунун өзү зыяндуу, маданиятсыз адат. Ал эми оозун болсо көрсөтпөй таңып койсо болот. Көп сүйлөгөн  депутаттын партиялык лидерлерге пайдасы деле жок. Албетте, шайланууга чейин көп сүйлөй берсин.Бирок шайланган соң, көп сүйлөгөндүн деле кереги жок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости