www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Замир Казакбаев Фейсбуктагы өздүк баракчасына Ат-Башыга курула турган логистикалык борбор боюнча пикирин жазып чыкты.  

"Мен дагы Кыргызстандын жараны катары оюмду билдирип коюуну туура көрдүм. Урматтуу мекендешим. Сиз Логистикалык борбор деген эмне экенин билип туруп анан каршы, же макул экениңизди айтып жатасызбы? Же, катуу тийсе кечирим сурайм (Эл дүрбөсө ...кошо дүрбөйт) болуп атабызбы? Логистикалык борбор деген бир гана соода-сатык эмес, завод-фабрикалардын курулушуна дагы чоң себепкер болот эле да. Миңдеген жумуш ордулары түзүлөт эле да. Элеттеги, жерге бир нерсе эксе өзүн актабай калган заманда дыйкандардын, таңдан кечке малдын аркасынан ээрчиген малчылардын жашоосу кыйла өзгөрөт эле да. Товар жүгүртүүдө экспорт менен импортко жеңилдиктер болот эле да. Айыл-кыштактардын инфраструктурасы жакшырат эле да. Айыл чарба менен мал чарбачылыгы деп эле жер коруган доор бүткөн. Ооба, кызганыш керек. Бирок бизге мындай мүмкүнчүлүк кайра-кайра келе бербейт. "Жети өлчөп бир кес" деген. Андыктан мындай борбор, макро-микро экономикалык анализдерден кийин, эки тараптын кызыкчылыгын көздөгөн бир нече эл аралык келишимдердин гана негизинде ишке ашат.

Урматтуу мекендешим, мен дагы сизге окшоп эле, мекенимдин бир см жери сатылып же башка өлкөгө өтүп кетишин каалабайм. Бирок менин оюмча, бул караңгы ой. Алгач маалымат алган жакшы болот. Эми сөгөөрдө, далил болбосо дагы мисал келтириңиз....балким мен жаңылып аткандармын."-дейт журналист Замир Казакбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости