www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө жүзүндө зордукчулар кандай жазаланат?

 

Кыргызстанда акыркы убактарда аялдарга карата зордук-зомбулук күч алууда. Өзгөчө жашы жете элек өспүрүмдөр көп учурда жабыр тартууда. Атай кетсек, 5-сентябрда Кадамжай районунда 8-класстын окуучусун 3 жигит зордуктап,андан соң муунтуп өлтүрүшкөн. Аталган окуя коомчулукта чоң резонанс жаратып, зордукчуларга карата катаал жаза киргизүүнү талап кылышууда.

NazarNews маалымат агенттиги өлкөдө жана дүйнө жүзүндө зордукчулар кандай жазаланаарына баам салып көрдү.

Кыргызстан:

Жаңы кабыл алынган Кылмыш-жаза кодексине ылайык, 14 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмгө сексуалдык зомбулук көрсөткөндөр 11 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми 14 жашка толо элек баланы зордуктагандарга 15 жылга же өмүр бою эркинен ажыратуу түрүндө жаза каралган. Бирок, көп учурда кылмышкер андан азыраак мөөнөткө эркинен ажыратылат же мунапыс алып, эркиндикке мөөнөтүнөн мурда чыгып кетет.

Кытай:

Кытайда зордуктаган адам дароо өлүм жазасына тартылат. Анын үстүнө кээ бир жазаларды аткаруу кылмышкердин жыныстык органдарын кесүү менен коштолот.

Иран:

Иранда зордуктаган адам же асылып, же эл алдында атып өлтүрүлөт. Кээ бир учурларда, жабырлануучунун өтүнүчү боюнча өлүм жазасы алынып салынышы мүмкүн. Бирок анын ордуна 100 камчы жана өмүр бою эркинен ажыратылат.

Палестина:

Кээде Палестинада укук коргоо кызматкерлери "Кунаажын көзүн сузбөсө, бука жибин үзбөйт" деген принцип боюнча аракет кылышат. Бул жерде сүрмө топ зордуктоо курмандыгына кол салышы мүмкүн, ал эми аялдын бузукулугу киши өлтүргүчтөр жана зордукчулар үчүн жеңилдетүүчү жагдай катары каралат - аларга бир жылдан ашык убакыт сейрек берилет.

Канада:

Сексуалдык кылмыштарга күнөөлүү адамдар 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Жабырлануучу 16 жашка чыга элек болсо, абак мөөнөтү 14 жылга чейин көбөйөт.

Марокко:

Өкмөт аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы күрөшүү боюнча комплекстүү мыйзам иштеп чыгууга ниеттенип жатканын билдирди. Учурда Марокконун Кылмыш-жаза кодексинде зордуктоо "эркектин аялдын эркине каршы жыныстык катнашка баруусу" катары квалификацияланат. Жазасы: 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу. Эгерде зордуктоо жашы жете элек кызга, физикалык же психикалык жактан майыпка же кош бойлуу аялга карата жасалса, анда жаза 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат. Зордукталган кыз бойго жете элек болсо же кылмыш бир нече адам тарабынан жасалса же "жабырлануучунун көз карандылык абалынан" пайдаланып, ошондой эле бир катар башка учурларда жаза 30 жылга чейин көбөйтүлөт.

Австралия:

Сексуалдык зомбулукка каршы мыйзамдар ар штатта ар кандай. Мисалы, Жаңы Түштүк Уэльсте же Батыш Австралияда зордуктаган адам 14 жылга, ал эми Квинслендде же Түштүк Австралияда өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Голландия:

Ал тургай, тараптардын биринин макулдугусуз жасалган француз өбүү Нидерландияда зордуктоо болуп эсептелет. Соттолгон адамдын жашына жараша 4-15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Сойкуларга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөр 4 жылга эркинен ажыратылат, бирок бул дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө каралган эмес.

Индия:

Бул өлкө аялдар үчүн эң кооптуу өлкөлөрдүн бири катары репутацияга ээ. Өзгөчө чоң шаарларда зордуктоо "кадимки" көрүнүш. 2012-жылы студент кызды топ адамдын зордуктоосу Индиянын өзүндө да, бүткүл дүйнөдө да катуу нааразылык жараткан. Натыйжада зордукчулар өлүм жазасына кесилген. Ошондон бери Кылмыш-жаза кодексине чоң өзгөртүүлөр киргизилди. Демек, зордуктоо, жок эле дегенде, 7 жылга эркинен ажыратуу менен жазаланат. Кайталанса, зордуктаган адам өмүр бою эркинен ажыратылат же өлүм жазасына тартылат.

Франция:

Зордуктаган адам 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Жагдайга жараша өмүр бою же 30 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул өлкөдө сексуалдык асылуулар 30 миң евро айыпка жыгылат. Зордуктоого аракет кылгандар 5 жылга эркинен ажыратылат жана 75 миң евро айып пул төлөйт.

Түндүк Корея:

Диктатордук режим өкүм сүргөн өлкөдө зордукчулдарга эч кандай жеңилдик каралган эмес. Элдин көзүнчө башына ок жеп, дароо өлүм жазасына тартылат.

Жапония:

Күн чыгыш өлкөсүндө 1907-жылдан бери сексуалдык зомбулук кылмыш катары саналып келет. 2017-жылдын 31-июлунда бул бөлүк боюнча Кылмыш-жаза кодекси бир топ катаалданган. Эми зордуктоо үчүн шартка жараша 5 жылдан 30 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Ооганстан:

Бул өлкөдө сот атайын органдарды кылмышкердин өлүмүн 4 күндүн ичинде аткарууга милдеттендирет.

АКШ:

Америкада мыйзамдардын эки түрү бар - штаттык жана федералдык. Эгерде мындай кылмыш федералдык мыйзамга туура келсе, зордуктаган адам 30 жылга эркинен ажыратылат. Мамлекеттик мыйзамда каралган эркинен ажыратуу мөөнөтү аймактарга жараша өзгөрөт.

Италия:

Кылмыш-жаза кодексинин 609-беренесинде: “Кимдир-бирөөнү күч менен, коркутуп-үркүтүү менен же кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлаган ар бир адам 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат” деп жазылган. Оор жагдайларда, өзгөчө жабырлануучу 10 жашка чыга элек болсо, жаза мөөнөтү 14 жылга чейин көбөйтүлөт.

Белгилей кетсек, бул маселе Жогорку Кеңеште талкуу болуп, айрым депутаттар өлүм жазасын киргизүүнү сунушташса, айрымдары буга каршы чыгууда. Себебин алар сот системасынын коррупцияланып кеткени менен түшүндүрүшүүдө. Депутат Медер Алиев бейкүнөө, бей-бечаралардын балдаргы гана өлүм жазасына тартылып, ал эми, байдын балдары акталып чыгып кетет деген пикирин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости