www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 29- январында №1 «Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгы кабыл алынып, аны ишке ашыруу боюнча бардык мамлекеттик органдар, мекемелер жана коомдук уюмдар тартылган.

2022-жылдын 20-майында №157 «Улуттук нарк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы чыгып, аны ишке ашыруу боюнча 2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программа иштелип чыгып, ишке ашырууга сунушталды. Аты-заты жакшы эки жарлыкка караманча-каршы ой айткан топ пайда болуп, “нарк деген эмне? Ушунун кереги бар беле? Андан көрө эл турмушун оңдобойбу? Экономиканы көтөрүү керек” ж.б.д.у.с. пикир таратууда.

Анда сөз башынан болсун. Кезинде теңирчиликти туткан кыргыз эли кийин мусулман динине тартылды, бирок жыл санагыфбыз христианча. Демек, биз үчүн эра эки миң жылга толду дейли.

Жыйырма кылым – жыйырма жаш. Адамзат жаңы эле бойго жеткен бозулан. Ошол жыйырма кылымдан замандаш жыйырманчысы биздики! Ушул кылымда туулдук, өстүк, жашадык, көптү көрдүк. Жыйырманчы кылымда адам жердин тоголок жылдыз экенин космостон өз көзү менен көрдү, айга конду, чолпон жылдызга, марска колу жетти. Элүү эле жыл мурун суу асты менен жүрө турган кеме фантастика дечү эмес белек...

Адам бардыгына жетти, дагы да жете берчүдөй, бирок бир гана өзүн, дилин, ниетин оңдой алчудай эмес. Жыйырманчы кылымдагы акылман философтордун, чоң илимпоздордун, атактуу жазуучулардын жана диний инсандардын айткан сөздөрү булар:

-- Адам тукуму Адам ата менен Ева энеден тараган. Ал экөө тең бейиш багында жүргөндө Алланын койгон тартибин бузуп, күнөө кылган. Шайтандын тилине кирген, ошон үчүн адам тукуму Кудайдын каарына калган, бейиштен куулуп чыккан, эч убакта оңолбойт;

-- Иисус Христос өзү ойноштон туулган. Дева Мария жездеси Захарий менен көңүлдөш болуп, күнөөгө баткан. Ошол себептен Христостун да ата-теги таза эмес, өзү болсо үй-бүлө куруп бала чоңойткон жок. Ошондой кишини адамдарга пайгамбар кылып койгону – Алланын адам баласын жазалаганы!

-- Дүйнөдөгү эң алдыңкы коом деп Америка калкын айтасыңар. Бирок силер карап көргүлөчү, биздин тарбия берүү системабыз эмне кылды? Жекече тарбия (индивидуальное воспитание) дегендин айынан биз ХХ кылымда жалаң гана өзүн сүйгөн ташбоор өзүмчүлдөрдү тарбиялап өстүрдүк. Ошонун айынан бүгүн Америкада окуучулар менен студенттер мугалимин, балдар болсо ата-энесин киши катары санабайт.

-- Америкалык демократия, эркин инсан, эркин коом деп жатып, биз порнография, секс, бөтөнзордукту даңазалап, ачыкка чыгарып салдык. Бүгүн ал ыплас нерселер «американын белеги» катары бүткүл дүйнөнү каптап кетти. Бул үчүн биз, америкалыктар күнөөлүүбүз

. Адамзат бизди кечирбейт. (1997-жылы апрель айында Вашингтондо өткөн жазуучулардын дүйнөлүк жыйында сүйлөнгөн сөздөрдөн). Алыскы Ала-Тоонун арасынан биз моюн созуп көз арткан Кошмо Штаттарыбыздын акыбалы минтип турса, аны туурайбыз деген кыргыздар кай шумдуктун ичинен чыкканы турабыз? Дегеле адам тукуму жер үстүнө тараганы кай ишти баштабасын, “оң ишке башымды сайдым” деп жарыя кылат.

Революциялардын баардыгы дал ушунун далили эмей эмне? Анан эле жыйынтыгы теңирден тескери. Кудай, өзүң сактай көр! Кыргыздын революциялары эмненин ичинен чыкмакчы? «Ислам – жаш, таза дин» деп ишенели десек, Ливан, Сирия, Афганистан, Талибан, Ислам мамлекети дегендерди окуп-көрүп, көңүл чөгөт.

Азаттыкка бутубуз илинер менен советтик, коммунисттик режимден бошоноор менен чынында акмалап аңдып турган секс, порно, бөтөнзордук, кылмыштуулуктун кучагында калганыбыз калппы? Аларга өзүбүздүн убактылуу уктап жаткан жердешчилик, уруучулук, трайбализм, диний чала сабаттуулук деген кыргызча ооруларыбыз кошул-ташыл боло түштү.

Турмуш болсо белгилүү себептер менен кыйла начарлады. Мунун баары кошула келип эле эң биринчи кезекте адамдын ниетин, дилин бузат тура. Өз кызын, жашы жетелектерди зордуктоо, ата-бала бирин бири өлтүрүүсү, бирөөнү бычактап атса көрүп туруп тескери басуу, ачык жалапчылык менен бандиттик деген ыплас нерселер босогобуздан кетпей турду. Мунун баары экономикалык өнүкпөгөндүктөн, турмуштун начардыгынан дей салыш оңой экен.

Бирок курсагы ачканынан өз кызын зордуктап, ата-бала бирин бири өлтүрүп жибергенине ишенбейм. Кептин баары адам насилинде го. Коом азаттыкка чыгып, сөз эркиндигин, сын эркиндигин, соода, эмгек, кыймыл аракет, жашоо тиричилик эркиндигин алганда, ар адамдын ичинде бугуп жаткан баардык терс касиеттери да эркиндике кошо жулунуп чыгат тура.

Маселен, азыр соодада бирин бири алдамай, карызын бербей коюу, бирөөнүн тапкан маңдай терин зордук менен тартып алуу (рэкетчилик) кадимки эле көнүмүшкө айланбадыбы. Мунун баарын ким тыят?

Президент, өкмөт, милиция, сот, прокурору менен кошулуп келсе дагы бузулган адамдын пейилин оңдой албайт. Америкача көп партиялуу коом куруп, өкүлчүлүк демократия менен калыс шайлоо өткөрүп, экономиканы оңдоп, элдин турмушун көкөлөтө көтөрүп салса да адамдын ичиндеги бузуку ниетин оңдой албайт экен го!

Турмуш оңолуп, курсагы тоюп семирген сайын, ар ким өзүнчө самолет минип асманда учкан сайын согуштун, бирин бири өлтүрүүнүн миң амалын ойлоп таап, адам түшкүрүң баягыдай эле мыкаачы, зордукчу бойдон кала бермекчи. Демек, ниет оңолбойт.

Турмуш оңолоор, илим-билим көкөлөөр, техника өсүп, адам өзүн биротоло эмгектен бошотуп, робот, киборгдордун багуусуна өтөөр. Адам өзүнө жалаң гана ойноп-күлүп, чардап жашоо үлүшүн калтыргысы келет, ошого баратат.

Бирок ниети оңолбойт. Антсе да үмүт үзүлбөйт. Үмүтсүз шайтан дейт кыргызда. Дүйнөдө жакшы адамдар көп. Эртедир-кечтир жакшы турмуш орноору бышык. Демократиялуу, көп партиялуу, калыс шайлоону, өкүлчүлүк өкмөттү, эң оболу конституциялык бийликти көздүн карегиндей аздектеген мамлекет куралы. XXI кылымды аттаган кыргыз коому, ниетти оңдойлу, дилибизди тазарталы.

Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгында «Өлкөнүн өнүп-өсүшүнө салым кошуу үчүн руханий жактан тапталган, үй-бүлө баалуулуктарын туу туткан, билим деңгээли өскөн, атабабаларыбыздын тарыхын мыкты билген, каада-салтты урматтаган, башка элдердин ишенимдерин сыйлаган, этностор аралык мамилелерди урматтаган, көп тилди өздөштүргөн, сырткы жана ички бузулуулардан коргогон кыргыз жаранын, атуулун калыптандыруубуз керек» деп жазылып турат.

Мына ушуну ишке ашыруу үчүн жогорудагы эки жарлык аба менен суудай керек. Кыргыз коомунун ниетин, дилин, тилин оңдоого кудрет жетет. Манас баштаган чоң жана кенже эпосторубуз, ата-энени сыйлаган, улууга урмат, кичүүгө ызаат баш болгон макал-лакаптарыбыз, адепахлак, каада-салттарыбыз бүгүн да күчүндө. Сунушталып жаткан программаны жакшы талкуулап, ишке аша турган сунуш-пикирлер менен толуктап алсак деген ой

. -- Ал эми улуттук программага «Манас» эпосу кирбей калганы чатак го? Кимди унуттук? Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов «Манас – кыргыз рухунун туу чокусу» деп бекер айтпагандыр.

-- «Күтүлгөн натыйжалар» деген графада 2022-2027-жылга карата баардык иш-чаралар аткарылды деп таккесе бүтүм чыгаруу эртелик кылат. «Аткарылат» деп оңдоо зарыл.

-- Мектепте коңгуроону кыргыз күүлөрүнө алмаштыруу аша чапкандык. Мектеп коңгуроосу – мектептин бир атрибуту. Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө программаны иштеп чыгууда абайласак. Чылпагын алам деп, көзүн чукуп салбайлы...

Булак: Азия News гезити

Последние новости