www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында ӨК министринин орун басары Искендер Сулайманов менен Дүйнөлүк банктын RESILAND CA+ программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан “Кыргыз Республикасындагы ландшафтты туруктуу калыбына келтирүү (KG RESILAND)” долбоору боюнча жолугушуусу болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана подряддык уюмдардын өкүлдөрү долбоордун негизги багыттары боюнча иштердин жүрүшүн талкуулашты. Анда сел жана суу ташкыны коркунучтарын азайтуу, жаратылыш процесстерин мониторингдөө системаларын өнүктүрүү жана инженердик инфраструктураны чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Долбоордун негизги максаты — ландшафттарды калыбына келтирүү аркылуу өлкө аймактарынын жаратылыш тобокелдиктерине туруктуулугун жогорулатуу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу системасын чыңдоо.
Миссиянын иш программасынын алкагында КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин инженердик командасы, Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү жана долбоорду ишке ашырууга катышкан подряддык уюмдар менен бир катар жумушчу жолугушуулар өткөрүлдү.
Жолугушууда долбоордун техникалык жана институционалдык багыттары каралды. Атап айтканда, инженердик чечимдерди даярдоо, сел коркунучтарын башкаруу механизмдерин өркүндөтүү жана жаратылыш процесстерин байкоонун заманбап инструменттерин киргизүү маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн өкүлдөрү жана «ЭААС» ЖЧКсынын адистери селден коргоо боюнча биринчи этапта каралган беш приоритеттүү объект үчүн техникалык-экономикалык негиздемелерди (ТЭН) жана долбоордук-сметалык документтерди (ДСД) даярдоонун учурдагы абалы тууралуу маалымат беришти.
Ошондой эле селден коргоочу курулмалардын конструкциялары боюнча инженердик чечимдер жана долбоордук документтерди даярдоого байланышкан бир катар техникалык маселелер каралды.
Мындан тышкары, селден коргоо объекттерин башкаруу системасын киргизүү маселеси да талкууланды. Анын алкагында селден коргоо объекттерин эсепке алуу жана башкаруу үчүн иштелип чыккан системанын демонстрациялык версиясы көрсөтүлдү.
Ошондой эле ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти үчүн программалык-аппараттык комплексти өнүктүрүүгө багытталган долбоордун IT-компоненти каралды. Бул жогорку өндүрүмдүү эсептөө техникасын жана маалыматтарды иштетүүнүн заманбап системаларын киргизүүнү камтыйт. Мындай чечимдер жаратылыш процесстерин изилдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатып, гидрометеорологиялык тобокелдиктерди алдын ала божомолдоого шарт түзөт.
Мындан сырткары, криосфераны мониторингдөөнүн улуттук системасын иштеп чыгуу жана аны киргизүү маселелери да талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын айлана-чөйрө маселелери боюнча улук адиси, RESILAND долбоорунун координатору А. Баялиева долбоордук-сметалык документтерди кароо жана инженердик чечимдердин техникалык аспектилерин талкуулоо үчүн ӨКМдин инженерлеринен турган жумушчу топ түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.
Өз кезегинде министрдин орун басары, долбоордун улуттук координатору И. Сулайманов бул сунуштар белгиленген тартипте караларын билдирди.
«Дүйнөлүк банк менен кызматташуу долбоорду ишке ашырууда жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу системасын чыңдоодо маанилүү роль ойнойт. Биргелешкен аракеттер системанын мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө жана калктын коопсуздугун жогорулатууга өбөлгө түзөт», — деп белгиледи И. Сулайманов.