www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде 14-мартта Кувейт, Бахрейн жана Катардан атайын эвакуациялык авиакаттам менен 142 кыргызстандык мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, дагы 24 жаран Стамбул аркылуу Кыргызстанга кайтып келишти.

Жалпысынан беш атайын эвакуациялык каттам уюштурулуп, алардын жардамы менен Эр-Рияд, Дубай, Катар, Кувейт жана Бахрейнден 592 кыргызстандык өлкөгө алып келинди. Мындан тышкары, 3000ден ашуун жаран кадимки авиакаттамдар аркылуу өз алдынча Кыргызстанга кайтып келишти.

Министрликтин маалыматына караганда, мекенге кайтуу үчүн негизги транзиттик пункттар Эр-Рияд жана Жидда шаарлары болуп саналат. Каттамдарды Flydubai, Pegasus Airlines, Flynas жана Turkish Airlines сыяктуу авиакомпаниялар аткарат.

Тышкы иштер министрлиги жарандарды кырдаал толук турукташканга чейин Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө сапарларды чектөөгө чакырды.

Последние новости