www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев канттын жетишсиздиги үчүн соода министри Бахыт Султанов менен айыл чарба министри Ербол Карашукеевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу Vlast.kz. жазды.

Өкмөттүн кеңейтилген жыйынында Токаев буга чейин ишке берилген 7 кант заводунун бүгүнкү күндө төртөө гана, Алматы жана Жамбыл облустарында ишканалардын үчтөн бир бөлүгү гана (31%) иштеп жатканын айтты.

«Айыл чарба министрлиги 2026-жылга чейин кант кызылчасынын үлүшүн 6 эсеге, 7ден 43%га чейин көбөйтүүнү пландаштырууда. Бирок, акыркы 4 жылдын ичинде кант кызылчасынын аянты үчтөн бир эсеге кыскарган. Биз импорттук кумшекерден 90% көз карандыбыз, мындай учурда ЕАЭБге кайрылсак болот, бирок кандай болгон күндө да бул өкмөттүн одоно катачылыгы.Демек, мамлекеттин позициясын коргогон жок дегенди билдирет. Ошондуктан министрлер Бахыт Султанов менен Ербол Карашукеевге сөгүш жарыялайм», - деди Казакстандын башчысы.

Президент Казакстанда айыл чарба өндүрүшүнүн өсүшүнүн басаңдашы байкалып жатканын, өкмөттүн отчеттору өлкөдөгү реалдуу картинага коошпой турганын белгиледи.

Президент өкмөткө кант тармагын өнүктүрүү боюнча өзүнчө тармактык долбоорду тез арада иштеп чыгууну тапшырды.

"Бүгүн биз дүкөндөрдө эмне болуп жатканын көрүп жатабыз, бул уят", - деп сөзүн жыйынтыктады Токаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости