www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рыспай Исаковго окшоп мамлекетти пайдаланып акырын арамданып кишинин артынан иш кылмак эмесмин. Мындай пикирин манасчы Дөөлөт Сыдыков Фейсбуктагы баракчасына билдирди.

"Садыр Жапаровдун бийлиги менин Манас айтуучулугума чейин кийлигишип келишти. Унчукпадым. Теңелбедим.

Мен чын дилимден Манасымды даңазалап элге айтып келем.

Бирок, азыр мени басынтабыз деп жаңылыш ойлоп алышып, ушул арам ишке баары кириптер болуп отурушат. Үч күндөн бери Түркиянын Бурса шаарында Рысбай Исаковду Манас айттырып, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жетекчиси Султан Раевдин башчылыгы менен Гиннеске Манасты каттатуу үчүн Теңиз Бөлтүрүктөн 30 000 евро бөлдүрүп Гиннеске төлөп, адисти чакырып, болбой калса, жөн гана "Манас" жумалыгы Түркиянын Бурса шаарында өтөт кылышууда. Рыспай Исаков дарамети жетип айтып кетсе, Гиннес рекорддор китебине киргизебиз деп турушат. Бирок, арам ой менен жасаган иштери минтип ашмалтай болуп жатат.

Биз Гиннеске чоң акча төлөп, адис чакырбай эле, мамлекеттин эч бир колдоосу жок, бирок кезекти жылдап күтсөм дагы каралат деген позиция менен каттоо кезегин күтүп жүрөм.

Рыспай Исаковго окшоп мамлекетти пайдаланып акырын арамданып кишинин артынан иш кылмак эмесмин. Манас атаны минтип бүт дүйнөгө шылдың кылган болбойт! Манасты минтип айтпайт! Эми бул айтып жатканын угуңуздар, Манас айтып жатабы же арманын айтып жатабы! Манасчылар жанында эмнени угуп жатасыңар же арманын угуп, кыйналганын көрүп айттырбай эле койбойсуңарбы! Манасчылык өнөрүнө , Манас деген атты түрк дүйнөсүнүн көзүнө шылдың кылып жатасыңар! Манаска арам эмес, адал иш кылыш керек да. Мени душман көрүп, улуттук чоң иштерди майдаланап алдыңар. Манас айтуучулукка доо кетирип жатасыңар. Мен татыктуу, ак иш болсо кубанат элем, тилекке каршы андай болбой калды. Бийликтин авантюрасына кирип, Гиннеске кирүү болсо, татыктуу айтылыш керек эле?! Манасчылыкты эл аралык аренага ушул деңгээлде көрсөтүп жатышабы?

30 жылдан бери маданиятты коррупцияга батыруу менен кезинде Манасты Кытайга өтүп кетишине салым кошуп чыккынчылык кылган Султан Раев жөнүндө сөз өзүнчө болот. Султан Раев жазуучу болуп туруп Манаска кылган бул 2- кыянатчылыгы.

Гиннестин эрежелери так аткарылбай эле, суу ичип, тамак жеп, темадан чыгып, башка сөздөр айтылып одоно көрүнүүдө. Садыр Жапаров Манасты эми дүйнөлүк деңгээлде шылдың кылууга жол ачып берген экен. Президент Садыр Жапаров жана Маданият министри Азамат Жаманкулов, эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун катчысы Султан Раев Манасты түшүнбөгөнүнө дагы бир жолу ынандым.

Урматтуу окумуштуулар, Манас таануучулар, фольклорист адистер, угуп талдаңыздар, Манас ушинтип айтылып калды беле?! Манас айтуучулук өнөрүнө доо кетиргенге эч кимдин акысы жок. Сагынбай Орозбаков менен Саякбай Каралаев ж.б. улуу олуя, залкар аталардын айтуучулук өнөрү тебеленип жатат, андайга жол берилбеши керек. Биз айтуучулук өнөрүнүн классикалык үлгүсүн сактоого милдеттүүбүз", - деп жазган манасчы Сыдыков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости