www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ленин бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамина Ниязалиевага карата добуш сатып алуу фактысына байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров билдирди.
Анын айтымында, тергөө Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.
"Эгер тергөөнүн жүрүшүндө талапкер Дамира Ниязалиеваны добуш сатып алууга айыптоо үчүн тийиштүү далилдер аныкталса, укук коргоо органдары талапкерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн БШКга кайрылуусу керек, анткени мыйзамга ылайык, парламенттин депутаттыгына талапкер иммунитетке ээ болот", - деп кошумчалады ал.
Анын маалыматына караганда, милициянын кайрылуусунан кийин БШК чечим кабыл алат.
Эскерте кетсек, буга чейин болжолдуу түрдө депутаттыкка талапкер Ниязалиева У.Р. аттуу адам менен үгүт иштерин жүргүзүү, жарандарга 1500 сомдон төлөп берүү, аларды шайлоого тартуу боюнча жарандардын тобу менен иштөө схемаларын талкуулаган видео тараган.
Алдын ала жыйынтык боюнча Дамира Ниязалиева Ленин бир мандаттуу округунан шайлоодо жеңген.
Аталган округдан 124 миң 908 шайлоочу катталып, бирок добуш берүүгө 17 миң 423, же жалпы шайлоочулардын 13,95%ы гана катышты.
Дамира Ниязалиевага 6 миң 242 адам добуш берген. Бул катышкан шайлоочулардын 35,83%ын түзөт.