www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 14-февральда Өкмөт башчы Сапар Исаков КРнын мамлекеттик катоо кызматынын төрагасы Дастан Догоевдин өз арызына ылайык иштен бошоткону маалым болгон.  Ордуна бул тармакты мурда башкарын кеткен Алина Шаикованы дайындаган буйрукка кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарларды.

Дастан Догоевдин кызматынан кетүү себебин ал, “менин башка пландарым бар, билимимди жогорулатып, өзүмдү башка тармактарда сыноого аракет кылам. Албетте, биздин команда абдан чоң долбоорлорду ишке ашырдык, биометрикалык шайлоо системасын киргизүү, документтерди электрондоштуруу, биометрикалык паспортту киргизүү сыяктуу кадамдарыбыз иш жүзүндө өзүн актап, биздин ишибиздин натыйжалуулугун көрсөттү.  Мага ишеним көрсөткөн өлкө жетекчилерине ыраазычылык билдирем, азыр жашмын, келечек алдыда, дагы кызмат кылабыз”,- деп сылык жооп кайтарды.

Ал эми, Алина Шаикованы айтсак, ал  2014-2015-жылдары ушул мамлекеттик каттоо кызматында төрайым болуп иштеген. Ал жетектеп турганда Мамлекеттик каттоо кызматындагы кадрлардын нааразычылыгы күчөп, ар кандай арыз-даттануулар, кадрдык саясатындагы чекиликтер, чет өлкөгө болгон иш сапаралардагы мыйзамсыз кадамдар боюнча көптөгөн маалыматтар чыгып келгени эсибизде.

Эске сала кетсек, Дастан Догоев азыркы Өкмөттүн эң жаш мүчөсү болчу.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости