www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандык кийим тигүүчү бир нече ишкана 11-14-февраль күндөрү Парижде өткөн ири көргөзмөгө катышты. Алардын бири, Cool Bros ишканасынын башчысы Азимкул Жолдубаевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, бул көргөзмө тигүү өнөр жайын өнүктүрүүгө инвестор табууга багытталган:
- Былтыр көргөзмөдө биз европалык буюртмачылар менен келишим түзүү үчүн кандай шарттарды аткарыш керек экенин үйрөнгөнбүз. Бул жолу алгачкы буюртмаларды алуу максатында көбүрөөк келишимдерге жетүүнү көздөдүк.
Кыргызстандык тигүүчүлөр Париждеги мындай көргөзмөгө экинчи ирет катышууда.
Иш-чарага кыргызстандык ишканалар Бизнести өнүктүрүү боюнча USAIDдин демилгеси долбоорунун колдоосу менен катышууда.
Булак: NazarNews.kg