www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шаардын төрөт үйлөрүнүн биринде үрөй учурган окуя 29-сентябрда катталган. Анда жаңы төрөлгөн ымыркай жансыз болуп төрөлгөн. Аны доктурлар журналга “жансыз төрөлдү” деп муздаткычка алып баруу чечимине келишкен. Бирок, муздаткычка жетээрде ымыркайдын бир буту кыймылдап, жан кирген. Ошол замат акушер-гинеколог төрөт үйүнүн башкы дарыгери Куаныш Нысанбаевага телефон чалат, бирок башкы дарыгер “журналга жансыз деп жазылып калды, муздаткычка жайгаштыра бергиле”- деп койгон.

Бул кылмыштын бети ачылып калганынын себеби, буга чейин коррупцияга каршы кызматы башкы дарыгерди бир нече жолу коррупцияга шекшип телефонуна тыңшагыч орнотушкан экен. Эми бул айымга Казакстандын Атырау шаарынын  полициясы “коррупция” беренесинен сырткары дагы “алсыз абалдагы адамга зыян келтирүү” жана “тобу менен адам өлтүрүү” фактылары боюнча кылмыш иши козгогон. Эгер анын кылмышы далилденсе 20 жылга чейинки мөөнөткө камалышы ыктымал.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости