www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Доллар эмнеге көтөрүлгөнү айтылды

Кыргызстанда доллардын курсу жасалма жол менен көтөрүлгөн. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Анын билдиргенине караганда, ошол учурдагы суроо-талапка жооп берип жана ажиотажды басаңдатуу үчүн каражат жетиштүү болчу. Анын үстүнө Улуттук банк 13 миллион долларды интервенцияга чыгарган.

"Бул сумма курс жасалма жол менен көтөрүлдү дегенди түшүндүрөт. Башкача айтканда, доллар тартыштыгы болгон эмес. Рынокто каражат жетиштүү эле. Ага карабай Улуттук банк дагы 80 же 100 миллион доллар сатыкка чыгарууга даяр болчу", — деди Амангелдиев.

Министр кошумчалагандай, Улуттук банктын эл аралык резервдеринин көлөмү жетиштүү жана ал өлкөнүн товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногунун келечектеги көлөмүнүн алты айын жабат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости