www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Доллар менен бензиндин баасы кымбаттады

Бейшемби күнү эртең мененкиге салыштырмалуу доллар, евро жана ири компаниялардын бирине тиешелүү май куюу жайларында бензиндин баасы көтөрүлдү.

Акча алмаштыруу жайларында долларды орто эсеп менен 84,82 сомдон, еврону 101,28 сомдон сатып алууда. Бул сутка ичинде доллар 2 тыйынга, евро 40 тыйынга кымбаттады дегенди түшүндүрөт. Теңге менен рублдин курсу билинер-билинбес гана өзгөрдү.

АИ-92 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын баасы "Газпром нефть Азия" май куюучу жайында 40 тыйынга кымбаттады. Калган баа ошол бойдон кармалып турат.

"Роснефть":

АИ-92 — 55,8 сом;

АИ-95 — 60,8 сом;

Дизель майы — 50,9 сом.

"Газпром нефть Азия":

АИ-92 — 55,9 сом;

АИ-95 — 60,9 сом;

Дизель майы — 50,9 сом.

Алтындын баасы дагы жогорулап, 1 граммы 4,5 сомго кымбатыраак сатылып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости