www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул кат жазылбайт деле болчу, кыргызда “Керегем сага айтам, келиним сен ук” деген макал бар. Ушул макал кайта-кайта эске тушуп туруп алды. Себеби 17- сентябрда экс-президент Алмазбек Атамбаев туулган кунун белгиледи. “Форум” ишканасына келип, ал жерде КСДПнын мүчөлөрү деп аталган топ шаңдуу тосуп алышты. Бул интернет булактарында, “Апрель” телеканалында кайта-кайта көрсөтүлүп жатты. “Сөз келгенде айтпасаң, сөздүн атасы өлөт” деген макалды жакты көргөн жаным ошентип ичтеги ойду айтышка туура келди.
Аттиң дүйнө, Алмазбек Шаршеновичбылтыркы эле ушул күндөгү өткөн туулган күнүң менен быйылкыны салыштыра алдың бекен? Эгер салыштырган болсоң эмнени көрө алдың? “Форумдун” эшигинин алдынан кимдер тосуп алды? (Айрым булактарда эптеп жалдап ар жактан казганактай аз топту араң чогултуп барышыптыр деген да маалыматтар чыгууда. Маселе анда деле эмес.) Катар тизилип желек булгалагандар кимдер? Жалаң эле карапайым букаралар го. Кайда баягы “Азуусун айга жаныган” эл жакшылары? Кайда баягы “Мүйүзү булут челген” саясаттын “атамандары”? Кайда баягы бир учурда өзүң мурдунан жетелеп, көчүгүнөн түртүп жүрүп мамлекеттик нечен чоң кызматтарда иштетип, марытып, байытып, артын депутат кылып, “алтын аяктан суу ичиргендериң”?
Ошол турган карапайым элдин ичинде бир кездеги “Өзүңө өмүр өткүчө тирек болобуз, жөлөк болобуз. Керек болсо жанды да аябайбыз” дегендер көрүнбөйт го. Кызматта турганыңда туулган күнүңдө сени тегеректеген “Эл жакшыларынан” кечөкүдөй астыңдан чыгып колуңду кармап учурашып куттуктоого тигил карапайым букаралардын кезеги жетчү беле? Кыркалекей турса ар бири менен учурашканды кой Төө бааы” кылган кошоматчылардан бошонуп чыгып, балдарың менен учурашууга жетишкен күнүң болгонун Кудай билет. “Бийлик колдун кири. Бүгүн бар да эртең жок. Асты адамгерчиликтен тайба” деген кыргыз макалын эми түшүнө баштадың бекен? Эгер түшүнө баштаган болсоң жакшы. Жок,түшүнгүң келбей дагы деле бийликте тургандагы “даражага мастыгың” таркабай, ачууга алдырып чамынып, “Али күчтөн тая элекмин. Опурам-жапырам”- деп жатсаң анда бүгүнкү түшкөн ангегиңден да тереңжарга кулаганы жулунуп баратканың. Президент кезиңде, “Илебиңе нан бышып” оозуңдан чыккан желиң “Тегирмендин ташын айландырып” турганда деле ушундай чындыкты айтчумун. Ошондуктан мендей чындыкты айткандарды жаман көрүп, жектеп жүрдүң.
“Мыйзамдан тайба. Өз билгениңди кылып бир күн билим берүү тармагында иштебеген секелекти министр кылдың, секретарыңды Генпрокурор кылдың. Мамлекеттик кызматты оюнчук көрөсүң. Кыргыз республикасынын Президенттик кызматын менчик фирмаңдын Президенттик кызматындай көрүп алдың”-деп нечен чындыкты жазып жаман көрүндүк. Акыры менин айткандарым туура чыгып, так ошол кездеги кетирген кемчиликтериң кекиртегиңе каскак болуп тыгылууда.
Мындай “мадыра баштарды” өтө чоң кызматка көтөрүп мамлекеттин змее күнүмдүк кызыкчылыгыңды ойлодуң. “Булар оозумдан эмне чыкса ойлонбой аткарып турат. Мага ошонусу керек”-дедиң. “Мамлекеттик кызматта иштеп дасыккандарды койсом кайра мага акыл үйрөтүп башымды оорутат”- дедин. Ошентип коррупцияны гүлдөттүң. Мамлекеттик кызматтын кадыр-баркын тебелеп тепсеп таптакыр кетирдиң. Нечен өсүп келаткан жаштардын убалына калдың.
И. Жолдубаева кандай билимдүү, жакшы өсүп келаткан кадр эле. Эгер таза ак нетиң болгондо: “Али жашсың. Төмөнтөн өйдө көтөрүлүп иштеп бышык. Турмуштун өйдө-ылдыйын көр- деп ашса бир обласка прокурор же сот кылып койгонунда келечекте келечекте кандаи мык1ы кадр чыгат эле. Эми эмне болду?
Өз колуң менен тагдырын сындырган жаштары бүт санагым келбейт. Асты түрмөдө жатат. Бир эле Сапар Исаковду айталычы. Жаштайынан жогорку чөйрөгө аралашып, бийликтин казанында кайнап бышыгып калбады беле. Бүгүнкү ага тагылган күнөөлөр бүт аныкталса, өмүрүнүн калган бөлүгүн түрмөдө өткөзөт окшойт. Өзүм күбөмүн, тээ алгач ак үйдүн босогосун аттагандан бери сени менен иштешип, айтканыңдан чыкпай келаткан бала эмес беле. Кантип анан сага билгизбей миллиондорду кымырган коррупцияга малынды? Эгер Сапардын “Ушунча ичип жегенин билчү эмесмин”-деп актансаң андай сөзүңө ишенер киши чыгаар бекен. Айрым булактарда С. Исаковго 20 миллион долларды кымырган деген күнөө коюлганы кеп болууда. Ушунча ири каражатты “кожоюнуна” билгизбей өзү сугунуп коюшу деги эле мүмкүн эмес го. Жакында А. Сегизбаев деген УКМК мурунку жетекчиси болгон дагы бир балаң “Азаттыкка” маек берип “Жыландын башын кылтыйтты”, “ТЭЦ теги иш боюнча коррупция бар экенин билип, Президенттин коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровго расмий кайрылганбыз” деген кыязда. Демек ТЭЦке корогон каражат. Бир ат тиштин баасы 600 доллар болгону сага жашыруун деле змее экен да. Анткени андай оор ишти Т. Жумакадыров сага айтпай жашырып коё алмак эмес да. Эгер чындыгына келсек А. Сегизбаев андай иш үчүн өзүңө түз кирип маалымат берген болушу керек. Бүгүн жымсалдап, көзү өтүп кеткен Т. Жумакадыровду бетине кармап атат. Болбосо “Белизгейттей” иштерди маңдайыңа отуруп алып өзү маалымат берип жүрсө, мамлекеттин казанасынан милларддаган сом уурдалганын аныктаган чоң коррупциялык ишти катчыга эле берип коюп кетип калмак беле. Андай болбойт да. Сегизбаевдин жомогуна карапайым эл эле ишенбесе, мамлекеттик кызматта бир ай иштеп калгандар деле сөз төркүнү кайда экенин жакшы түшүнөт. “Экономикалык иштерди талдоого келгенде өзүм-дү сууда сүзгөн балыктай сезем”- деген өз сөзүң бар эле го. Кантип анан тээ Бакиевдин учурунда алгачкы түзүлгөн келишимдеги баалар 2-3 эсеге көбөйүп атканын билбей,түшүнбөй калдың? “Уурутойгуча жеп өлгүчө карганат”-деген заманда жашап жатабыз. Көз көрүнө мамлекетти жылаңачтап талап тоногондор, карызга белчеден батыргандар эл арасында уялбай басып жүргөндө эмне деп сөз айтышты билбей эс оойт экен.
Эгер Сапардай, Айбектей жаштарды аяганыңда, алардын келечегине ак ниеттен кам көргөнүңдө “Кой балдар силер али жашсыңар. Мындай арам ишке илээшпегиле. Келечегиңер алдыда. Силерден үмүтүм чоң. Арам иш эртедир-кечтир ачылып калса тагдырыңар жашыңардан сынып калат”- дейт элең го. Антпедин, да. Кайран балдар бир чети жаштык, курчтук кылып, экинчиден “ Коркпогула бир тал чачыңарды түшүрттүрбөйм”-деген “атасынын” сөзүнө ишенишип жүрүшүп, бүгүн “баланда” ичип саргарып отурушат. Канча үй бүлө көздөрүнөн жаш эмес кан агып сыздашууда. Канчалар бүгүн эркиндикте жүрүшкөнү менен эшик катуу ачылса көздөрү алаңдап “Ичкендери ирим, жегендери желим” болушууда. Себеби бир гана ТЭЦ боюнча камоолор жүрдү. Астыда “Тары музейи”, “Датка-Кемин” электир чубалгысы,“Кемин” электир чордону,“Түндүк түштүк” альтернатива жолу сыяктуула кыймылдай элек. Алар сөзсүз кыймылдайт. Маселен тоннасы 75 миң сомдо турган цемент жөнүндөгү маалымат жө чыккан жок да. Ай дээр Ажо да, кой дээ Кожо да өзүң эмес белең. Кантип ана ушунча былгыган иштин бирин билбе маңыроо болуп калдың экен? Кыргызда “Ичээрин ичип жээрин жеди”-деген сөз бар. Бийлик десе бийликтен арманы калбады. Бир нече жолу депутат, би эмес бир нече жолу министр, Премьер Министр болуп, акыры Президент болдуң. Байлыктын рахатын көрүүдө да арманың жок. Өзүң айткандай Президент А. Акаев мине электе “Мерс” миңдиң. Кийбегенди кийип, ичпегенди ичи дүйнөнүн каалаган жеринде чалчаңда эс алып келатасың. Тигил камактагы ал балдары чиедей жаштардын балдарынын убалы кимге?
Аттиң дүйнө, тээ бир кезде саясатт жаңы аттаган күндөрүндө ошол кездеги “Аалам” гезитинен үңкүрдөгү дүйнөн көргөндө напсиси бузулуп ажыдаарга айлана бергендер тууралуу притчан көп окуган элең. Анткени биз көп жа чубуз. Өзүң да эл алдына чыксаң притча тууралуу сез кылып калчусу аны турмушта аныктап “ажыдаарга aйланган” А. Акаев качты. Качышына өзү да салым коштуң К. Бакиев качты. Анын качышына да өзүң чоң салым кошту Р. Отунбаеваны “Жалган Президент шайлаган эмес. Убактылуу өкүмөттүн эле 11 мүчөсү шайлап койгон”-деп өз айтканыңдай ал эсепке деле кошулбай ошентип эл шайлаган 3-Президент болдуң. Бирок өткөндөрдөн сабак ала алган жоксуң? Балким моюнуңа бүгүн да албаган менен өзүң жогорку притчадагы ажыдаарга кантип айланганыңды билбей калдың.
А. Акаевди кандай дасыккан топ курчап турчу эле. Ага “Түшпөс Хансын. Болду бийлик сиздин колдон кетпейп дешчү эмес беле. Кантип качканын билбей калды го. Бүгүнкү күнгө чейин деле жакшы эсине келе албай жүрсө керек. Мунун баарына өзүң күбөсүң го. Көзүң менен көрүп, кулагың менен укчу элең го.
К. Бакиев бийликте кандай отурду эле. Максим менен Жаныш “Биз Айдар эмеспиз, эки бутуңарды бир кончуңарга тыгып коебуз. Эч ким баш көтөрө албайт. “Чорныйы” да, “Красныйы” да, “Белыйы” да бүт уучубузда”- дешкенин өзүң көрүп, угуп жүрчү эмес белең. Эмне болду? Баштан бак тайганда кайда, кантип качаарын билбей калдастап калышты го.
Туура, жогоркулардай болуп качпадың. Өз мөөнөтүндө Президенттик кызматты шайлоо менен өткөзүп бердиң. Мунуң бир жолку туура ишиң. Ачыгын эле айталы, кыйындыгыңдан кубаланбай алты жыл иштеген жоксуң. Күн санап, “Убакыт жетсе эле Президенттик кызматты өткөзүп берем”- дегениңден эл “Кайта- кайта эле Президенттерибизди кубалай бербейличи. “Мөөнөтүм бүткөндө өзүм кетем”- деп жатат го. Алты жыл чыдап коюлучу”-дешип ойду-тоону сүйлөсөңда чыдашты. Болбосо Сени кубалап жибериш “сокур ит бок жалаганчалык” болмок. Анткени тегерегиңде сени колдоп чын дилинен иштегендер, сен үчүн чындап тике туручулар, жан тарткандар санай келсең беш манжага деле толмок эмес. Ага бүгүн өзүң деле ишенсең керек.
Дагы да саясатка илээшкиң келгени тууралуу сөздөр чыгып калууда. Эгер чын болсо бул сенин акыркы жана өтө чоң саясый да, турмуш жашоодогу да жаңылыштыгың болмок. Эгер андай аракетиңди токтотпосоң оңбой каласың го. Акча-каражат болсо эле баары чечиле бербейт. Акча баарын чечсе Акаев менен Бакиев качып жүрбөйт эле. Бийлик да баарын чечпейт. Бийлик баарын чечсе кечөөкүтөрдө отуруп,“Менин кыгыма эч ким куурай сая албайт”-дегендер бүгун түрмөдө отурбайт эле. Сенин каражатыңды пайдаланып оюн коем дегендерге ишенбе. Кана баягы микрофон бербей бакырып, “А. Атамбаевге “Ак шумкар” бергиле. Ал баатыр” – дёгендер. “СМС да жазбайм”- дептир го. Акчаңды сорот да кылт этип баса беришет. Алар сага чейин деле жогорудагы эки Президентти кантип сызга отургузганын өзүңда билесиң. Качып эле кетпегениц болбосо абалың жогорку экөөнөн жакшы деле эмес. “Домоктун кылычы” үстүңдө илинип турат. Ашыкча кылтыңдай берсең шилтенет. Коррупция менен күрөш башталгандан бери кайсыл жиптин учу болсо да сен жакты көздөй айланууда. Түрмөдө отургандар канчага чыдашат. Чындык кай жагынан каалгып чыгат. Болгону убакыттын гана иши болуп калды. Ушуга кантип акылың жетпесин.
Сез башынан эле “Сен” деп кайрылганымды туура түшүнсөң деп ойлойм. Бир чети жашыбызда болгону бир жаш айырма. Экинчиден 90- жылдын башынан бери таанышпыз. Анда чачтарыбыз капкара болчу. Бири-бирибизди “Сен” деп эле сүйлөшчүбүз. “Ааламга” байма-бай чыгып саясатчы катары калыптандың эле. Куугунтукка кабылып үнүңдү угузаар бир да маалымат булагы калбай калганда Аалам” дайым орун берип оюцду коомчулукка жеткизип колдоого алчу эле. Аны кече бийликте турганыңда ойлогуң келбесе да бүгүн эстешке убактың кенен болсо керек.
Баса окурмандарга табышмактатып кат башында “Керегем сага айтам, келиним сен ук” деген макал менен баштадым эле. Мааниси бүгүнкү бийликтегилер ушуну окуп калсаңар эске алгыла. Өзүңөр көрдүңөр жогорку үч Президенттин тагдырын. Бийликтин да, байлыктын да манчыркоосу түбөлүктүү эмес. Эл үчүн, мамлекет үчүн таза, ак иштелген иштин, чындыктын мамысы гана түбөлүктүү болот. Өткөндөрдүн сабагын эсиңерге ала жүргүлө дегеним.
Чолпонбек Абыкеев, жазуучу
Булак: "Жаңы Ордо"