www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2017-жылы мамлекеттик жалпы кирешелердин көлөмү 134 миллиард 700 миллион сомду түздү. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Улукбек Кармышаков Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси боюнча комитеттин жыйынында айтты.
Анын айтымында, келип түшкөн жалпы суммага карата пландык көрсөткүч 95 пайызга аткарылган. Республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 2017-жыл боюнча 123 миллиард 215 миллион сомду түзгөн. Мамлекеттик кызматтардын чыгымдары дээрлик 19 миллиард 104 миллион сомго жетти.
Ал эми өлкөнүн мамлекеттик карызы 4,4 миллиард долларды түзөт. Анын ичинен 1,5 миллиард доллары «Улуттук энергетикалык холдингге» тиешелүү. Энергетикалык тармакка тиешелүү карыздар тарифтердин эсебинен төлөнөт.
Булак: "Марал"