www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен мүмкүн болушунча тезирээк жолугушууну каалайт. Бул тууралуу ал жергиликтүү Newsmax телеканалына берген маегина таянып ТАСС билдирди.
— "Анын жолугушууну каалап жатканын билем жана мен абдан тез жолугууга аракет кылып жатам. Бул жолугушуу тезирээк болушун каалайм. Бирок, билесизби, мен биринчи кызматка киришим керек", - деди Трамп.
Трамптын улуттук коопсуздук боюнча болочок кеңешчиси Майк Уолтц ABC News телеканалына орус лидери менен АКШнын шайланган президентинин телефондук сүйлөшүүлөрү жакынкы күндөрү болушу мүмкүн экенин айтты. Трамп буга чейин президенттигинин алгачкы алты айында Путин менен жолугушууну каалай турганын жана мындай байланыштарга даяр экенин билдирген.
Орус мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин жаңы америкалык кесиптеши менен эч кандай шартсыз жолугушууга даяр экенин белгиледи.
Эске сала кетсек, Дональд Трамптын АКШнын 47-президенти катары экинчи инаугурациясы 2025-жылдын 20-январында өтөт. 60-инаугурация Трамптын экинчи президенттик мөөнөтү.