www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ перзиденти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О’Брайенге коронавирус жукту. Bloomberg агенттигинин маалыматын Ак үй дүйшөмбүдө тастыктаганын дүйнөлүк басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, О’Брайендин оорусу жеңил өтүүдө, ал үйдөн иштеп жатат.

Associated Press агенттиги белгилегендей, Трамптын кеңешчиси Ак үйдөгү коронавирус жуктуруп алгандардын эң жогорку кызматтагы өкүлү. Буга чейин аппараттын айрым кызматкерлери коронавируска чалдыккан. Ак үй президент менен вице-президенттин вирусту жуктуруп алуу коркунучу болбогонун билдирди.

Коронавирус эпидемиясы убагында дүйнөдө айрым бийлик ээлери жана башкаруучу өкүлдөр вирусту жуктурушкан. Анын ичинде Бразилиянын президенти, орус өкмөт башчысы жана башка бир катар жетекчилер бар. Алардын баары айыкты.

Илдеттин оор формасы менен Британ премьери Борис Джонсон ооруп сакайды.

АКШда күн сайын болжолдуу 50 миңге чукул адам коронавируска чалдыгат. Акыркы кездери оорудан көз жумгандардын саны кайрадан көбөйүп, бир күндө миңден ашуун адам каза болгон учурлар катталууда.

Пандемия башталгандан бери АКШда 4,3 млн. адам вирус жуктуруп, дээрлик 150 миң киши андан көз жумду. Оору жуктурган жана андан каза болгон адамдардын саны жагынан Америка дүйнөдө биринчи орунда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости