www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция жол инспекторлору айып аянтчасына алып бараткан мотоциклди эвакуатордон чечип, айдап качып кеткен адамды таап, ага айып пул салды. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Инспекторлордун айтымында, мотоциклди алып качкан адам 1993-жылы туулган Ф.В ГЭС-2нин тургуну болуп чыкты. Ага документтери жана айдоочулук күбөлүгү жоктугуна байланыштуу эки протокол түзүлдү. Мындай мыйзам бузуу үчүн айыптын суммасы 5500 сомду түзөт.

Мотоцикл айып унаа токтотуучу жайга токтотулду.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости