www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен белгилүү, уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү болуп саналган Чыңгыз Жумагуловдун "оң колу" катары айтылып жүргөн Самарбек Жолдошев жатак абакка чыгарылды. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук сотунун төрагасы Марат Канулькуловго таянуу менен “Азаттык” радиосу кабарлады.

Анын айтымында, мындай чечим 19-январда кабыл алынып, ага №3 түрмөнүн башчысынын сунушу себеп болгон.

Самарбек Жолдошев 2016-жылы Биринчи май райондук сотунун чечими менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал "адам уурдоо", "уурулук", "опузалап акча талап кылуу" жана "автоунааларга мыйзамсыз ээлик кылуу" сыяктуу төрт оор берене боюнча күнөөлүү деп табылган.

Булак: "bulak"

Последние новости