www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан ТИМинин кабар беришинче, 19-январь күнү Нью-Йоркто Казакстан төрагалык кылган БУУнун коопсуздук кеңешинин жыйыны болуп өттү. Жыйында министр Абдылдаев, "Кыргызстан ТИМи ООНдун экстремизм жана терроризм боюнча программасын колдоорун айтты. О.э. экстремизм жана терроризмге каршы 2017-2022 жылдар аралыгына карата белгиленген прогрмамма боюнча ООН менен биргеликте эл аралык эксперттик жана финансы-техникалык жардамдарды активдештирүүгө кызыктар экендигин билдирди” деп сөз сүйлөгөн.
Негизи экстремизм жана терроризм темасы АКШ, Европа, Россия сыяктуу державалар тарабынан ишке салынган жасалма проблема. Алар бул нерсенин артынан Исламий жерлерди, ал жердеги байлыктарды тартып алууну о.э. бүгүнкү күндө сыйкасы чыккан Капитализм системасына каршы идеологиялык алтерьнатива болгон Ислам идеологиясын ооздуктоону көздөшөт.
Ансыз деле державалардын буйруктарын мажбур аткарып келген биздин бийлик бул жасалма күрөштөн аз да болсо өз пайдасын көздөөгө аракет кылат. Абдылдаевдин “эл аралык эксперттик жана финансы-техникалык жардамдарды активдештирүгө кызыктарбыз” деген сөзү “бизге акча бергиле, ошондо биз экстремизм жана терроризм менен күрөшөбүз, силерге эшиктерибизди ачып беребиз”, дегенди түшүндүрөт.
Кыргызстан буга чейин да ар кандай эл аралык уюмдардан, мамлекеттерден экстремизм жана терроризм менен күрөшөбүз деп, чоң көлөмдөгү гранттарды алып келгени жашыруун сыр эмес. Бирок ал акчаларды актоо үчүн бийлик өз элин курмандыка чалууда. Алсак, өлкөдө 1700 дөн ашуун мусулман эркек жана аялдар экстремизм, терроризм жалаасы менен соттолгон. Айрымдары түрмөлөрдөн өлүп чыгууда. Канчалаган жаш балдар жетим калууда. Буга кошумча ар кандай жасалма опперацияларды уюшуруп келишет. 50-абак, 16-июнь окуялары о.э. болуп жаткан подставалар буга жаркын мисал боло алат.
Эскерте кетсек: Экс депутат, оппозициячыл Максат Кунакунов дагы экстремезим жана терроризмде айыпталып эркинен ажыратылган. Иш козголоордун алдында ал “Жаштар өкмөтү” партиясы менен бийлике каршы нааразылык акцияларын өткөрүп келген.
Булак: NazarNews.kg