www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдө коронавирус пандемиясы тездик менен жайылып жатат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Аданом Гебрейесус брифингде айтканын дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Ал брифингде ушул бейшембиде ДССУ COVID-19 эл аралык кооптонууну жарат деп жарыялагандан бери 6 ай өткөнүн айтты.

"Эл аралык саламаттыкты сактоо эрежелерине ылайык алтынчы жолу саламаттыкты сактоо боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланды. Албетте, эң катуу. Учурда дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус аныкталган 16 миллиондон ашык адам катталганын, 640 миңден ашуун адам каза болгонун билдирди. Пандемия тездик менен күчөдү", - деген Гебрейесус.

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнодө коронавирус инфекциясын 16 миллион 497 миң 310 адам жуктуруп алгандыгы аныкталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости