www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда Аскер-деңиз флотунун күнүн белгилешти. Майрамдык парад 26-июлда бүткүл өлкө боюнча – Камчаткадан Балтика деңизине чейин өттү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Майрамды белгилөөнү адаттагыдай эле Петропавловск-Камчатск жана Владивостоктон башташты. Анда Тынч океан флотунун кемелери менен аскерлери катышты. Башкы парад салт болуп калгандай эле Санкт-Петербургда өтүп, ал жерден Владимир Путин жалпы өлкөгө кайрылып, куттуктоосун жолдоду.

Фин булуңу менен 46 кеме, катер каз катар тизилип өттү. Алардын арасында реконструкцияланган "Полтава" кемеси бар эле. Андан соң параддын абадагы бөлүгү башталды. Түндүк борбордун асманынан 40ка чукул авиатехниканы көрүүгө болот эле. Ал эми Су-25 көк асманга Россиянын желегинин сүрөтүн тартып учту.

Параддар Севастополь, Балтийск жана бир катар шаарларда болду. Андан сырткары, тарыхта биринчи ирет деңиз парады бул күндүн урматына Дагестанда – Каспийск флотилиясы жайгашкан Каспийск калаасында өттү. Кесиптик майрамын россиялык аскерлер Сирияда да белгилеп, Тартус портунда уюштурушту. 
 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости