www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы өзүн алдын ала жарнамалаганы үчүн "Реформа" саясий партиясына 26-июлда эскертүү берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда аталган партия соцтармактарда өздөрүнүн урааны жана программасынын тезистери камтылган кыска видеотасмаларды жайгаштырганы аныкталган.

“Реформа” партиясынын өкүлдөрү эскертүү берилгенден кийин бардык соцтармактардан тасмаларды өчүрүүгө убада беришти. Үгүт өнөктүгү башталмайынча партияларга Интернетте да, маалымат каражаттарында да үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат”, - деди Руслан Изреков.

Аталган партия бул чечимге комментарий бере элек.

Буга чейин соцтармактардагы мыйзамсыз үгүт иши үчүн «Бирик» партиясына эскертүү берилген. Партиянын коомдук саясий бөлүмү Интернетке үгүт материалдарын жарыялабаганын билдирген.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, үгүт иштери добуш берүүгө бир ай калганда башталып, бир күн калганда токтотулат.

4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоого катышуу ниети менен кырктан ашык саясий партия боршайкомго кайрылган. 20-августка чейин партиялар курултайларын өткөрүп, талапкерлерин аныктоого тийиш. Тизме квота талаптарына ылайык түзүлүүсү зарыл. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости