www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-июлга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 16 миллион 396 миң 954 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 9 миллион 512 миң 561 бейтап айыгып чыкса, 651 миң 902 адам каза болду. Бул тууралуу маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 4 миллион 286 миң 663 адамдан коронавирус аныкталды.1 миллион 477 миң 588 адам каза болсо, 1 миллион 325 миң 804 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 2 миллион 442 миң 375 адамдан аныкталды. 87 миң 618 адам каза болсо, 1 миллион 838 миң 431 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 1 миллион 435 миң 453 адам вируска кабылган. 32 миң 771 бейтап көз жумса, 917 миң 568 бейтап оорудан сакайган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости